777

Бишкек эркин экономикалык аймагы (ЭЭА) болгон мүмкүнчүлүктөрүн толук пайдалана элек. Өлкөбүз Бажы биримдигине кирүүсү менен ЭЭА үчүн ири рынок мейкиндиги ачылат. Ошол эле учурда бул Бишкек ЭЭАсы үчүн жаңы сыноо жана атаандаштыкка чыгуу да болуп саналат,- деп билдирди биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 24-январда жаңы 3 объекттин ачылыш аземинде.

Бишкек ЭЭАнын башкы директору Орозбек Нусувалиевдин маалыматы боюнча өткөн жылы ЭЭАда өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 5 млрд. 290 млн. сомду түзгөн. Бул андан мурдагы жылга караганда продукция көлөмү 7,6%га өскөндүгүн билдирет.

Азыркы учурда ЭЭАнын субъектиси катары 360 ишкана катталган. Ал эми өткөн жылы 235 ишкана ЭЭА субъектиси статусунан айрылса, 18 жаңы субъект жаңы катталды. Башкы директордун айтымында, өткөн 2014-жылы өндүрүш кубаттуулугун өнүктүрүүгө 256 млн. сомдон ашык каражат жумшалган. Ошондой эле ЭЭА өз каражаттарынын эсебинен инфраструктура үчүн 59 млн. 600 миң сом бөлүп, көп функционалдуу үч кабаттуу имарат, балдар бакчасына кошумча эки кабаттуу жана ЭЭАнын субъектилеринин продукциялары үчүн көргөзмө имараттарын курган.

Даярдаган Бегим ТУРДАЛИЕВА