Кечээ, 12-ноябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин төрагалыгы астында КР өкмөтүнө караштуу КРнын Бажы биримдикке жана Бирдиктүү экономикалык аймакка кошулуусу боюнча мекемелер аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны болду.

Күн тартибинде ушул жылдын 29-майындагы КРнын Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кошулуусу жөнүндө Келишим долбоорун талкуулоо боюнча маселелер, ошондой эле ББ жана БЭА алкагындагы нормативдик-укуктук актыларды өткөрүү процедуралары белгиленген.

Жыйындын ишин ачкан премьер-министр Келишимдин ар бир пунктун тыкыр карап чыгуунун маанилүүлүгүн билдирди.

Өз кезегинде КРнын экономика министри Темир Сариев, 2014-жылдын 29-майындагы КРнын Евразиялык экономикалык биримдик жөнүндө келишимге кошулуусу жөнүндө Келишим долбоору республиканын улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен түзүлгөнүн белгилеп өттү.

SAG_4667

SAG_4655

SAG_4646

SAG_4681

SAG_4684

SAG_4688

SAG_4674

Биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча аймактардын даярдыктары тууралуу кеңешме өттү. Жыйында, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев 2015-жылдын 1-январына 1 млн кем эмес адам өздөрүнүн биометрикалык маалыматтарын тапшырышы керектигин, эгер тапшырма аткарылбаса райондун жетекчилерин кызматтардан алууга чейин чаралар көрүлөрүн эскертти. Ал АКИpress’ке берген маегинде биометрикалык маалыматтарды чогултуу иши тарыхта каларын белгиледи.

SAG_4706

SAG_4702

SAG_4712

SAG_4723

SAG_4729

КРда электрондук окуу китептер базасын түзүү үчүн редактордун бет ачары болду.Иш-чарага катышкан вице-премьер-министр Элвира Сариева, алгачкы электрондук китеп 7-класстар үчүн «Кыргыз тили» окуу китеби аталып, ал электрондук окуу китептерин түзүүгө карата чоң кадам болуп саналарын билдирди.

«Бүгүнкү күндө биз мектептерге окутуунун жаңы ыкмаларын киргизүүнүн негизин түзүүбүз керек, ал эми электрондук китептерди түзүү үчүн редактор ачык электрондук окуу китептер базасын түзүүгө өбөлгө түзөт», – деди ал.

SAG_4764

SAG_4767

SAG_4781

SAG_4789

SAG_4805

 Булак : Баракелде