Баткен шаарында бакча жетишпейт
Баткен шаарында эки эле балдар бакчасы бар. Алар 140 балага ылайыкталганына карабастан, ар биринде 300-400гө жакын балдар тарбияланууда. Азыр да көптөгөн ата-энелер бакчага балдарын берүүгө кезекте турат. Биз бул маселени чечүү үчүн буга чейин менчиктештирилип кеткен бир катар балдар бакчасын кайтаруу боюнча тийиштүү органдарга кайрылдык,-деди пресс-конференцияда шаардын мэри Жаныбек Жалалов.
Адыл АКМАТОВ, Баткен облусу


Leave a Reply