Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарындагы маданият үйүндө 8-ноябрда Айдаркен чек ара отрядынын негизделген күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмү билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР Мамлекеттик чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча аймактык чек ара башкармалыгынын башчысы Уларбек Шаршеев, Айдаркен чек ара отрядынын командованиеси, отряддын жеке курамы, жергиликтүү органдардын өкүлдөрү жана күч структуралары катышты.

2014-жылы Айдаркен чек ара отрядына 15 жыл толду. Айдаркен чек ара отрядынын жеке курамы жалпы узундугу 300 чакырым болгон кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларынын участкаларын көзөмөлдөп, коргойт.

Салтанаттын жүрүшүндө өз иштеринде мыкты жыйынтык көрсөткөн бир нече аскер кызматкерлери ведомстволук медаль, грамота жана баалуу белектер менен сыйланышты. Ошондой эле, иш-чаранын алкагында жаш аскерлер курсунан өтүшкөн 100 аскерге чакырылуучулар аскер антын беришти.

Айдаркен чек ара отрядынын башчысы, полковник Замирбек Мийзаев жаш аскерлерге берген атка бекем болуп, мекенге татыктуу кызмат өтөө каалоосун айтты.

айд-1
айд-2
айд-3
айд-4
айд-5Булак: Turmush