оторбаев1

Бүгүн Өкмөт үйүндө премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин жетекчилиги астында балдарды зомбулуктан коргоо маселеси боюнча кеңейтилген жыйын болуп өттү. Ага Өкмөт мүчөлөрү жана өкмөттүк эмес уюмдардын лидерлери катышты.

Жоомарт Оторбаев социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн өздүгүн тастыктаган документтер базасын жана реестр түзүп чыгуу керектигин билдирди. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдында балдардын укугун коргоо боюнча комиссия түзүү керектигин да айтты. Андан соң өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү берген сунуштарды укту. Аягында кыргызчылыктын жакшы жактарын алып чыгуу керектигин айтып: “Кыргызчылык жаман пикирге гана колдонулбашы керек, кыргызчылыкта жакшы нерселер да бар. Мынчалык жаман иштерге, зөөкүрдүккө баруу кыргызчылыкка жатпайт деп айтып турушубуз керек. Балдарды зордуктаган, кордогон адамдардын сүрөтүн чоңойтуп туруп аянтка илип таштоо керек. Ал тургай аларга өлүм жазасын киргизүүнү да ойлонуу керек”, – деди премьер-министр.

Сымбат Максутова