Баңги заттарды контролдоо боюнча органдын расмий өкүлдөрүн чет өлкөлөргө жана эл аралык уюмдарга жиберүүгө багытталган мыйзам долбоору демилгеленди
“Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору бүгүн, 12-ноябрда Жогорку Кеңеш жыйынында каралды. Долбоор аркылуу “КР баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө”, “КР жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө”, “Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө” мыйзамдарга түзөтүүлөр сунушталган. Депутаттардын талкуусуна мыйзам долбоорун Баңги заттарды көзөмөлдөө боюнча агенттигинин директору Алымбай Султанов алып чыкты.
Анын маалыматына ылайык, «КР Баңги заттарды контролдоо боюнча органы жөнүндө» мыйзамдын 9-беренесин эгерде администрациялык укук бузууларды же кылмыш жасагандыгына шектенүүгө жетиштүү далилдер болсо, жарандардын жеке өздөрүн кароону, алардын буюмдарын, кол жүктөрүн, багажын кароону, автомотоунаа каражаттарын кароону, протоколдорду түзүүнү, буюм заттарын, каражаттарын, буюмдарын жана документтерин алууну жүзөгө ашырууга баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине мүмкүндүк бере турган ченем менен толуктоо белгиленген.
Ошондой эле баңги заттарды контролдоо боюнча органдын расмий өкүлдөрүн чет мамлекеттерге жана эл аралык уюмдарга жиберүүгө укуктуу деп айтылган 21-пункт менен толуктоо сунушталган. Мындан сырткары, баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлери жана жазык-аткаруу тутумунун органдарынын жана мекемелеринин кызматкерлери аскердик милдетти аткаруудан бошотуу боюнча толуктоо каралган.
Талкууда депутат Дамира Ниязалиева сунушталган долбоор менен адам укуктары бузулушуна шарт түзүлүп калбасын деген кабатырлануусун айтты. Баяндамачы А.Султанов эгерде кызматкер мыйзамды так аткаруу менен иш алпарса, адам укуктарынын бузулушуна алып келбестигин жооптоду.
Депутат Мыктыбек Абдылдаев Жогорку Кеңештин Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин корутундусу менен администрациялык укук бузууларды же кылмыш жасагандыгына шектенүүгө жетиштүү далилдер болсо, жарандардын жеке өздөрүн кароону, алардын буюмдарын, кол жүктөрүн, багажын кароону, автомотоунаа каражаттарын кароону, протоколдорду түзүүнү, буюм заттарын, каражаттарын, буюмдарын жана документтерин алууну жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүк берүүнү алынып салынгандыгын эскертти. Мындай ченем баңги заттарын көзөмөлдөө органы үчүн зарылдыгын А.Султанов белгиледи.
Депутаттар Улукбек Кочкоров, Исмаил Исаков жарандарды текшерүүнү баңги заттарды контролдоо боюнча органдын кызматкерлерине мүмкүндүк бере турган жана аларды аскердик милдетти аткаруудан бошотуу боюнча толуктоолорго каршы пикирлерин ортого салышты.
Бир катар талкуулардан соң депутаттардын сунуштары менен мыйзам долбоору 1-окууда кайра кароого жөнөтүү чечими кабыл алынды деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Leave a Reply