Бүгүн Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 749 млн куб метрди түзүп, 2013-жылга салыштырмалуу 28,32%га азайды
Бүгүн, 25-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд 749 млн куб метрди түздү. Бул көрсөткүч 2013-жылдын 25-ноябрындагы суунун көлөмүнө салыштырмалуу 28,32%га аз, деп маалымдайт «Электр станциялары» ААКтын басма сөз кызматы.
2013-жылдын ушул күнүнө карата суу сактагычтагы суунун көлөмү 14 млрд 996 млн куб метрди түзгөн.
Бүгүнкү күнгө карата суу сактыгычка суунун агып кириши секундасына 177 куб метрди түзсө, бул көрсөткүч өткөн жылы секундасына 199 куб метрди түзгөн.
Бүгүн суу сактагычтагы суунун чыгашасынын көлөмү секундасына 626 куб метрди көрсөттү. Ал эми 2013-жылдын 25-ноябрында секундасына 604 куб метрди түзгөн.
Булак : Баракелде


Leave a Reply