Сингапур1

Улуттук коопсуздуктун өзөгүнө коркунуч келтирген коррупция бир эле кыргыз элин эмес, дүйнөлүк коомчулукту ойлондурган маселе. Анткени, байыртадан тамыр жайган бул илдеттен азыркыга чейин бир дагы бир коом арыла албай келет.

Массалык коррупциялык аракеттер мамлекеттик механизмдин иштөөсүнө залакасын тийгизип, бийликке карата калктын ишеничин кетирээри шексиз.

Ушул себептен улам, Президент Алмазбек Атамбаев өз милдетин аткарууга киришээр менен Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин курамында Коррупцияга каршы кызмат уюштуруп, жаңы түзүмгө саясий, жогорку административдик-мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда, укук коргоо, сот органдарында иштегендер, мамлекеттик бюджеттен каржылануучу мекеме-уюмдардын жетекчилери арасында коррупциялык аракеттердин алдын алуу, бөгөт коюу жана мыйзамда каралган шарттарда териштирүү милдетин тапшырган.

Өткөн жылы ноябрь айында Коргоо кеңешинин кезектеги отурумунда бийлик органдарындагы системалык коррупциянын себептерин жоюу маселеси талкууланып, жыйынтыгында атайын Жарлык менен коррупцияга каршы саясат боюнча мамлекеттик Стратегиянын аткарылышын көзөмөлдөөчү жумушчу топ түзүлгөн.

Аталган жумушчу топ бир жыл ичинде Коргоо кеңешинин катчылыгы менен биргеликте мамлекеттик 9 органдагы коррупциялык тобокелдиктерди аныктап, андан тышкары, бир топ коррупциялык кылмыштардын бетин ачууга жетишкен.

Маселен, Башкы прокуратура, УКМК, ИИМ, ЭККМК органдары баары биригип, 2011-жылы 1011 кылмышты аныкташса, 2012-жылы – 1381, 2013-жылы – 1621, ал эми быйыл 9 айда – 1335 кылмыштын бетин ачып, октябрь айына карата уурдалган 2 млрд. 774 млн. 27 миң 433 сомду мамлекетке кайтарышкан.

2012-жылдан бери ушул күнгө чейин укук коргоо жана атайын органдар тарабынан Жогорку Кеңештин мурдагы жана аракеттеги 17 депутатына, министрликтер менен мекеме жетекчилерине, алардын орун басарларына – 20, райондук жана облустук деңгээлдеги сотторго – 31, ошондой эле жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жооптуу кызматкерлерине карата 340 кылмыш иштери козголгон. Быйыл эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 303-“Коррупция” беренеси боюнча 10дон ашык кылмыш иштери аныкталган. Ушундай фактылардан улам, Кыргызстанда коррупцияга каршы жүргүзүлүп жаткан күрөш аз болсо да акыбетин кайтара баштады деп айтууга негиз бар.

Бир нече күн мурда эле TransparencyInternational уюму аныктаган дүйнөлүк соңку рейтингге таянсак, Кыргызстан өткөн жылдагы 150-орундан 14 баскычка өйдөлөп, изилдөөгө алынган 175 өлкөнүн арасында 136-орунду ээлегени маалым болду.

“Бул ийгилик системалык коррупцияга каршы турууда өлкө жетекчилигинин саясий эрки жетиштүү экендигин көрсөттү”, – дейт Коргоо кеңешинин катчысынын орун басары Темир Жумакадыров.

Президент Алмазбек Атамбаев жакында эле коррупцияга каршы күрөш мындан ары да улантыла берээрин дагы бир жолу баса белгилеген.

Ал эми жогоруда изилдөө жүргүзүп, рейтинг жарыялаган уюмдун эксперти Айгүл Акматжанова “Кыргызстан мурдагыдай репрессиялык ыкмаларга эмес, коррупциянын алдын алууга көңүл бура баштады” деген пикирде. Эксперттин айтымында, “Кыргызстан быйыл рейтингде алдыга карай чоң секирик жасады. Эгер аракеттер ушундайча улантыла берсе, өлкө мындан да мыкты ийгиликтерге жетишип, жогорку баскычтарга көтөрүлөт. Коргоо кеңеши иштеп чыккан чаралар 2015-жылы толугу менен жүзөгө ашса, бул күрөштө алда канча сапаттуу кадамдар жасалат”.

Албетте, өлкө башчыбыз моюндагандай коррупциянын тамырын 1-2 жылда кырка салуу кыйын. Бирок, калайык калк, жалпыга маалымдоо каражаттары, укук коргоо жана башка тиешелүү органдар жогорку жетекчилик менен биргеликте коррупцияга каршы күрөшкө чыкса, таптакыр жоголуп кетпесе да, тизгини кыйла тартылып, казынабыздын капшыты эңшерилбес эле. Маселен, коррупциянын деңгээли абдан эле төмөн деп эсептелген Нидерландия өлкөсүндө ар кандай коррупциялык аракеттер коомчулукка токтоосуз шардана кылынып, ниети бузулгандар эч убакта мамлекеттик кызматка жолотулбайт жана жарандарга тиешелүү болгон социалдык жыргалчылыктардан ажыратылат.

Ал эми 1965-жылы көз карандысыздык алганга чейин Сингапурда жагдай кудум Кыргызстандагыдай болгону белгилүү. Жада калса ичээр суу менен курулушка керектүү кумду да Малайзиядан ташып келүүгө мажбур, жаратылыш байлыктарынан куру жалак калган бул өлкөдө коррупция ушунчалык гүлдөп өскөндүктөн, ага каршы күрөшпөсө өлкө туңгуюкка кептелээрин түшүнгөн Премьер-министр Ли Куан Ю: “Коррупция азиялыктарга мүнөздүү көрүнүш. Эгер биздин  министрлер менен чиновниктер кайыр-садакага сатылбаса жана өз ишин мыктылап билсе гана Сингапур өнүгө алат” деп таза иштөө жана сатылбастык принцибин киргизген. Азыр коррупциянын жоктугу, экономикалык эркиндик жана өнүгүү деңгээли жагынан бул алакандай аралча мамлекет дүйнөлүк рейтингдерде дайыма алдыңкы сапта. Экономикалык өнүгүү жагынан дүйнөлүк лидерлердин катарына кошулууга биринчи кезекте коррупцияга каршы күрөшкө белсенип киришкен өлкө жетекчилигинин саясий эрки, сабаттуу антикоррупциялык мыйзамдар жана көз карандысыз агенттиктин түзүлүшү эң зор өбөлгө болгон. Коррупцияга каршы күрөшүүнүн стратегиясы мыйзам аркылуу бекитилип, ал эми коррупциялык кылмыштарды тергөөчү Бюрого чексиз укуктар берилген.

Көз карандысыз Бюро бийликтин жогорку эшелонундагы коррупцияга күрөш жарыялап, Ли Куан Юнун жакын туугандарына чейин текшеришкен. Премьер-министрдин эң ишенимдүү адамы эсептелген айлана-чөйрөнү коргоо министри Ви Тун Бун 1975-жылы үй-бүлөсү менен Индонезияга баргандагы жол киресин турак үй курган компания төлөп бергендиги жана андан үй, ошол эле компаниянын кепилдиги менен атасына эки кредит алып бергендиги билинип, 4 жыл 6 айга кесилген. Эч коркпостон мыйзам чегинде мындай кадамдарга барыш үчүн Бюронун кызматкерлери саясий жетекчиликтин толук колдоосуна да таянган. Мындан тышкары, Сингапур бийлиги сот кызматтарына эң мыкты адвокаттарды ишке тартып, аларга  жылына бир нече жүз миңден, миллион долларга чейин маяна чектеп берген. Жооптуу постторду ээлеген мамлекеттик кызматкерлердин маяналары менчик корпорациялардын топ-менеджерлеринин деңгээлине жеткирилген. Натыйжада, “акылдуу мээлердин” жеке секторго агымы токтогон. 1959-жылы Өкмөтү ушунчалык жакыр болгондуктан, өз кызматкерлерине айлык акы төлөп бере албаган Сингапур азыр мамлекеттик кызматкерлердин маяна өлчөмү боюнча дүйнөдө алдына ат салдырбайт.

Коррупциялык күнөөсү далилденген адам 100 миң долларга чейин айыпка жыгылат же 5 жылга чейин эркинен ажыратылат. Үй мүлкүңдүн же жыйнаган акча каражатыңдын кайдан келгенин далилдей албасаң, аларды соттун конфискациялоого укугу бар. Эң башкысы, касташкандар бири-бирин негизсиз каралабасын деп жалган жалаа жана көрсөтмөлөр үчүн жоопкерчилик да каралган. Бирок, Бюронун тергөөчүлөрү жарандардан жашыруун маалыматтарды алууга акылары бар. Азыр Сингапурдун укуктук системасы шыр эле жазалоо эмес,  коррупцияны алдын алууга багытталган. Жоопкерчиликке тартуу коррупцияга каршы күрөшүүнүн системалык чараларынын бири гана болуп эсептелет. Ал эми реалдуу күрөш – бул убакыт-мөөнөтү белгиленген өнөктүк эмес. Ал тынымсыз жүргүзүлүүчү мамлекеттик ишмердиктин зарыл багыты.

Анткени, азыркы заманда коррупцияга каршы күрөш, мыйзамдын улуктугу жана экономикалык шарттардын тунуктугу эл аралык инвесторлор тарабынан абдан бааланат.

Мына ошондой даражага жетишкен Сингапур масштабы боюнча Лондон, Нью-Йорк жана Токиодон кийинки дүйнөдөгү төртүнчү финансылык борбор болуп саналат. 2015-жылы Сингапурдун башкаруусуна берилген тышкы активдердин өлчөмү боюнча Швейцарияны басып өтөөрү айтылууда. Тышкы соода жүгүртүү көлөмү жарым триллион долларга жетип калды. Аянты 715 чарчы чакырымды гана түзгөн алакандай өлкө азыр “азиялык жолборс” аталып, ийгилик ачкычы дайыма эле жаратылыш байлыктарында эместигин коррупцияны жоюу менен бүт дүйнөгө далилдеди.

 Атай АЛТЫМЫШЕВ