Ажибай Калмаматов, Бажы союзу боюнча: “Эч нерсе болбойт, 10-11 жыл Лада минип турабыз”
Жогорку Кеңештин 27-ноябрдагы жыйынында депутат Ажибай Калмаматов Кыргызстан эртеби-кечпи оң рулдуу автоунаалардан арылышы керектигин билдирди. Депутат өлкөгө япониялык унааларды киргизбей коюу демилгеси өз учурунда көтөрүлүп жатканын айтып: “Оң рулдуу унааларды жарандардын коопсуздугу үчүн өлкөдөн жоготушубуз зарыл. Бажы биримдигине кирсек, 10-11 жыл Орусиянын Ладасын минип турабыз. Эч нерсе болбойт, буга чейин деле минип жүргөнбүз. Бара-бара өлкөдө жалаң сол рулдуу унаалар жүрүп баштайт”,– деди. Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиевдин айтымында, тийиштүү мыйзам кабыл алынгандан 6 айдан кийин күчүнө кирет. Ага чейин өлкөдөгү оң рулдуу автоунааларды каттатып алуу мүмкүнчүлүгү болот.
Булак: super.kg
Leave a Reply