Айрым участоктор кар күрткүлөрүнө толуп, ички чарбалык жолдор жабылган
Кара-Суу районундагы Мады айыл аймагында 2014-жылдын 7-8-декабрында көп жааган кардын кесепетинен шамал болуп, Мады айыл аймагынын Лаглан, Тээке айылдарына баруучу ички чарбалык жолдорунун айрым участоктору кар күрткүлөрүнө толуп, ички чарбалык жолдор жабылган.
2014-жылдын 11-декабрында КР ӨКМнин 1 бульдозер, Лаглан айылында 6 чакырым ички чарбалык жол тазаланды. 2014-жылдын 12-декабрында тазалоо иштери улантылат.
Кара-Кулжа районунда 2014-жылдын 7-декабрында жааган кардан жана катуу болгон бороондун кесепетинен Ылай-Талаа айыл аймагынын Шаркыратма айылына баруучу ички чарбалык жолдун болжол менен 5 чакырым аралыгы кар күрткүсүнө толуп, жол жабылып калган. 2014-жылдын 11-декабрында КР ӨКМнин 1 бульдозер тазалоо иштерине тартылып, жол толук тазаланды.
2014-жылдын 26-ноябрында Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин-Жарандык коргонуунун башчысынын №53 буйругу менен 2014-жылдын 26-ноябрынан баштап саат 18:00дөн 08:00гө чейин Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу атайын буйрук чыкканга чейин чектөө коюлган.
Өзгөн районунда 2014-жылдын 24-25-ноябрында жааган кардын кесепетинен Ийри-Суу айыл аймагынын Ор-Казган айылына баруучу ички чарбалык жол жабылган. Кардын бийиктиги 1-1,2 метрге жеткен. Учурда жол каттамы жоктугуна байланыштуу электр өткөргүчтөр жана жолдорду калыбына келтирүү иштери жүргүзүлө элек.


Leave a Reply