Крокодил1

Мындан төрт ай мурда Угандадагы айылдардын биринде дарыядан суу алууга барган аялдардын алдынан крокодил чыгып, алардын бирин бүкүлү бойдон жутуп койгон. Бул жолу крокодил кайрадан бул аймакка келгенде, маркумдун күйөөсү өч алды. Крокодил жеп кеткен Деметрия Набире кош бойлуу болгон. Анын күйөөсү Мубарак Батамбуза бир эмес эки адамды жоготконго мүңкүрөп, күйүткө чыдабай жүргөн эле. 50 жаштагы балыкчы дарыянын жээгиндеги көлмөгө достору менен чогуу барган. Аялынан айрылган Батамбуза мырза “Крокодил менин аялымды бүкүлү жутуп кеткен. Анын кийими же эч нерсеси калган эмес. Аялым, анын ичиндеги баламды жоготтум. Менин дүйнөм астын-үстү болду”, – дейт ал.

Найза менен куралданган Батамбуза достору менен чогуу кайрадан крокодил жүргөн жерге барышат. “Жырткычтын көлөмүн көрүп алышып, мени досторум ага жакын жолобо деп эскертишти. Мен көшөрүп макул болгон жокмун. Өлсөм дагы мейли, аялымдын өчүн алып өлөйүн деп ойлодум. Корккон жокмун”. Достору крокодилди таш ыргытышып алаксытып турушканда Батамбуза анын бир жак капталына найза менен сайган. Найзанын учундагы илмек крокодил кыймылдаган сайын терең кирип, аны качырбай кармап турган. Жипке байланган илмектин сабын тартып, кое беришкен эмес. Кишилер айылга олжолуу кайтышканда жердештери абдан кубанып тосуп алышат. Себеби, алар бир нече айлардан бери крокодилден коркуп, дайранын жээгине жолой албай жүрүшкөн эле. Батамбуза жана анын достору азыр жергиликтүү “баатырларга” айланган. Крокодилдин өлүгүн Кампаладагы Макарере университетине экспертиза өткөрүү үчүн алып кетишкен. Окуу жайдын адиси Уилфред Эмнекинин айтымында, жырткычтын ичинен сөөктүн калдыктары табылган. “Бирок, ал адамдын сөөгү экенин айтуу кыйын”, – дейт ал.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА