Толобек Беренов1

Акаевдин бийлигинин тушунда Австралиядан оңбогондой каражатка сатылып алынып, облустар боюнча таратылган асыл тукум койлор көбөйбөй эле кырылып жок болгондугу туурасында басылмаларга байма-бай жарыяланып турганы эсибизде. Мунун да чындыгы бар эле. Мына ошол австралия асыл тукум койлорун асыроого алгандардын арасынан жалгыз гана Талас облусунун Кара-Буура районунун фермери Төлөбек Беренов гана бул иштен майнап чыгарып, асыл тукум койлорду өз төл эсебинен көбөйтүүгө жетишкен.

Беренов Төлөбек республикадагы илимпоз зоотехниктердин бири. Убагында айыл чарба илимдеринин доктору, академик М.Н.Лушихин, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор Е.Г.Мезенцев , айыл чарба илимдеринин доктору Рысбек Абдырасулов менен бирге иштешип, кыргыз уяң жүндүү койлорунун жаңы линияларын чыгарууга салмактуу салымын кошкон. Кыргыз уяң жүндүү койлорунун тукумун көбөйтүү боюнча Кыргызстандын көптөгөн колхоздорунда жана совхоздорунда болуп, практикалык жардам көрсөткөн.

Кыргыз Республикасындагы жер жана агрардык реформа колхоздордун жана совхоздордун менчикке таратылышы менен коштолду. Зор эмгек менен жаралган уяң жүндүү койлор алмаштырылып, сатылып, союлуп жок болду. Жүнү баалуу, эти даамдуу асыл тукум койлорду түзүүгө өмүрүн арнаган айылдык илимпоз зоотехник бул көрүнүшкө кайдыгер карап отура албады. 1995-жылы Кыргызстанга Австралиядан алынып келинген 270 баш экинчи туут токтуну алып, кайрадан ак койлорду түзүүгө киришти. Ак койлорду өстүрүүгө бел байлагандардын ичинен республика боюнча жалгыз Төлөбек Беренов гана карамагындагы асыл тукум малын өз төлүнүн эсебинен көбөйтүп, 1,5 миң башка жеткирди. Оштогу «Каттаталдык» асыл тукум кой өстүрүүчү чарбасына 200 баш токту, Таластагы «Жоон-Дөбө» асыл тукум кой өстүрүүчү чарбасына 200 баш токту, 100 баш козу берип, австралия тукумундагы ак жүндүү койлордун көбөйүп, кой өстүрүүчү чарбаларга тарашына шарт түздү.

Учурда айтылуу фермердин «Алтын жүн» деп аталган жеке менчик асыл тукум кой өстүрүүчү чарбасында 500 баш асыл тукум кой өстүрүлүүдө. Жылына ар бир башынан 9 кг жүн кыркылат.

Төлөбек Беренов асыл тукум кой чарбасын өстүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиңирген кызматкер аталды.

 Нуржигит СЕЙДАЛИЕВ