Аскар Салымбеков көпчүлүктү биригип 7 миң киши батчу спорт борборун курууга чакырды

“Волейбол оюну Кыргызстанда массалык түрдө өнүгүп жатат. Эми жогорку тепкичке чыгышыбыз керек. Эмне үчүн Азия оюндарына, Дүйнө чемпиондугуна чыга албайбыз? Акыл калчап, 10-15 баланы даярдап алып, эл аралык деңгээлде татыктуу оюн көрсөтүүгө убакыт келди. 1974-жылдан бери ушул залда ойноп келебиз. Мына, андан бери эгемендүү мамлекет болдук. 5 миң, 7 миң кишиге туураланган спорт ордосун салып, түрдүү мелдештерди, концерттерди өткөрсөк болмок. Баарыбыз ушул маселени бир ойлонуп, салымыбызды кошолучу. Казактардын шаарларында үчтөн спорт борборлору салынып калды, бизде болсо бирөө да тура элек. Бул уят!” деди ал.
Булак: super.kg

Leave a Reply