Араб дүйнөсү менен алакабыз артат
Кыргызстан менен Сауд Арабия Королдугунун ортосунда дипломатиялык мамилелер 1992-жылы орнотулганына карабастан, ушу кезге чейин эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө активдүү иш-аракеттер байкалбай келди. Мамилелердин мындай дымып туруусуна эки өлкө кызматташтыгынын алгачкы мезгилинде эле кыргыз бийлиги эл аралык саясатта одоно жаңылыштык кетирип, Иерусалимди “Израилдин бөлүнгүс борбор шаары” катары тааныган позициясы да себепкер болгону жашыруун эмес. Мындай позиция эл аралык укук өңүтүнөн алганда жол берилгис болуп, аталган шаардын укуктук статусун жөнгө салган БУУнун бардык резолюцияларына да, эл аралык укукка да карама-каршы келген. Натыйжада, бул кадам бүтүндөй араб дүйнөсү менен биздин мамилелердин салкындашын шарттаган. Албетте, бул окуядан кийин Тышкы иштер министрлигинин аракети аркасында Араб дүйнөсү менен мамилелер жөнгө салынганына карабастан, олуттуу саясий жана экономикалык кызматташтык түзүлө койбоду. Эми гана Президент Алмазбек Атамбаевдин Араб өлкөлөрүнө расмий иш сапарынын аркасында Араб дүйнөсү бизге эшигин кең ачууда. Мындай бүтүмдү мамлекет башчысынын араб өлкөлөрүнө расмий сапарынын жүрүшү жана анын айрым жыйынтыктарынан улам чыгарууга болот. Бул иш сапарга тышкы саясат мекемеси эки жыл кылдат даярданганын айта кетүүбүз керек.
Аралыгыбызды аба байланышы жакындатат
2-декабрда Президент Алмазбек Атамбаев баштаган Кыргызстандын делегациясы Сауд Арабия Королдугуна расмий сапар менен барды. Бул эгемендик жылдарындагы Кыргызстандын жогорку деңгээлдеги мамлекеттик делегациясынын Араб дүйнөсүнө жасаган алгачкы иш сапары болуп саналат. Араб жергесинде Кыргыз мамлекетинин башчысын салтка ылайык сый-урмат менен тосуп алып, Алмазбек Атамбаев Сауд Арабия өлкөсүнүн жогорку даражалуу адамдары менен жүз көрүштү.
Ушул эле күнү Президент Алмазбек Атамбаевдин Сауд Арабиянын Мураскор Принци Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд менен жолугушуусу болду.
Мураскор Принц Салман бин Абдель Азиз Аль Сауд Кыргызстандын мамлекет башчысынын көп жылдардан берки биринчи расмий сапарын куттуктоо менен Алмазбек Атамбаевдин бул сапарынын Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ортосунда өз ара мамилелерди активдештирүүдөгү маанисин жогору баалады.
Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн жетекчилеринин ортосундагы саясый байланыштарды жөнгө салуунун жана соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Кыргызстандын Президенти менен Сауд Арабиясынын Мураскор Принци Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын Өкмөттөрүнүн ортосунда өз ара байланыштарга дем берүүнүн зарылчылыгы туурасында бир пикирде болуп, ой-пикирлерин ортого салышты. Эки өлкөнүн ортосундагы экономика жана инвестиция чөйрөлөрүндөгү өз ара карым-катнаштарды өнүктүрүүгө кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экендиги айтылды.
Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Кыргыз мамлекетинин башчысы Алмазбек Атамбаев менен Мураскор Принц Салман бин Абдель Азиз Аль Сауддун катышуусунда Кыргыз Республикасынын жана Сауд Арабия Королдугунун Өкмөттөрүнүн ортосундагы кош салыктан кетүү тууралуу макулдашууга, эки өлкөнүн Өкмөттөрүнүн ортосунда аба байланышы жөнүндө макулдашууга кол коюлду.
Кыргызстан араб ишкерлерин күтөт
Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Арабия Королдугунун Эр-Рияд шаарынын Соода-өнөр жай палатасында болуп, Сауд Арабия Королдугунун Соода-өнөр жай палаталарынын кеңешинин президенти, доктор Абдурахман Аль-Замиль менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, эки өлкөнүн ишкерлер чөйрөсүнүн ортосунда соода-экономикалык кызматташуусу боюнча конкреттүү иш-аракеттер планы талкууланды.
Абдурахман Аль-Замиль Алмазбек Атамбаевди Эр-Рияддын Соода-өнөр жай палатасына келгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, сауддук ишкерлер бир тууган Кыргызстанга көп мезгилден бери кызыгуу туудурганын баса белгиледи. Ал эки тараптуу бизнес-байланыштардын анчалык активдүү болбой жаткандыгынын негизги себеби катары – эки өлкөнүн ортосундагы түз транспорттук байланыштын жоктугу жана бул жагдай колдогу мүмкүнчүлүктү толук ишке ашырууга жол бербей жаткандыгын айтты.
Президент Алмазбек Атамбаев эки өлкөнүн элдеринин жакындыгына, кызматташуу үчүн экономиканын түрдүү тармактарында зор мүмкүнчүлүктөр бар экендигине токтолуп, Кыргызстанда өнөктөштөр менен бирдикте ишке ашырылып жаткан транспорттук, энергетикалык жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө шарт түзгөн долбоорлор тууралуу айтып берди. Ошондой эле Кыргызстанда минералдык ресурстарды иштетүүдө жана туристтик чөйрөдө кеңири мүмкүнчүлүктөр бар экендигин белгиледи. Мамлекет башчысы Кыргызстан географиялык жактан ыңгайлуу жайгашкандыктан, транзиттик өлкөгө айланууга шарт түзүүчү транспорт жана логистика жаатындагы долбоорлорго басым жасады. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Сауд Арабиясынын ишкерлер чөйрөсүнүн ортосунда байланыш активдүү өнүгүүсүнө өз ара ишеним билдиришти.
Эр-Рияддын Соода-өнөр жай палатасынын бир катар өкүлдөрү түрдүү тармактарда кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын мамлекеттик органдары алардын ишмердигине ар тараптан колдоо көрсөтөөрүнө ишендирди. Сауд Арабия Королдугунун Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Абдурахман Аль-Замил эки өлкө ортосундагы экономикалык алаканы күчөтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, анын өлкөсү Кыргызстанга инвестиция салууга даяр экенин билдирди.
Жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Эр-Рияд шаарынын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда Ишкерлер кеңешин түзүү тууралуу меморандумга кол коюлду.
Инвесторлорго ийги сунуш
Сауд Арабиясынын ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан жолугушууда Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү туурасында бет ачар өткөрдү. Улуттук банк Сауд Арабия бизнесмендерине Мамлекеттик өнүгүү банкынын инвестору болууну сунуштады. Болжолдуу түрдө капиталы 34 млн. долларды чамалаган Мамлекеттик өнүгүү банкы өзүнчө атайын мыйзам менен иштеп, ага лицензия талап кылынбайт жана ал ири долбоорлорду инвестициялап же жергиликтүү компанияларга кредит берет. Улуттук Банк жаңы банктын акцияларынын 99%ын инвесторго, 1%ын чечим кабыл алуу укугу менен Өкмөткө ыйгарууну пландаштырууда. Улуттук банк төрагасы эгерде сунушка кызыкдар тарап болсо, Кыргыз Өкмөтүнө кайрылууну сунуштады.
Инвестициялык фонд түзүлөт
Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Арабия Королдугуна расмий сапары учурунда Король Абдалла бин Абдель Азиз Аль Сауд менен жолугушту.
Мамлекет башчылары эки өлкөнүн ортосундагы достукту чыңдоого бекем негиз боло турган Кыргызстан менен Сауд Арабиянын элдеринин жалпы тарыхый тамырлары туурасында сөз кылышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын экономикасын өнүктүрүү максатында Президент Алмазбек Атамбаев менен Сауд Арабиянын Королу Абдалла бин Абдель Азиз Аль Сауд биргелешкен ири инвестициялык фондду түзүү тууралуу макулдашышты.
Мамлекет башчылары ошондой эле эки өлкөнүн кызматташтыгынын зор потенциалын жана эки тараптуу мамилелерди мындан ары чыңдоонун маанисин белгилешти.
Эр-Риядда элчилик имараты курулат
Президент Алмазбек Атамбаев Сауд Арабия Королдугуна расмий сапарынын алкагында Эр-Рияд шаарынын дипломатиялык шаарчасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин имараты курулуучу жердеги стелланын салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Иш-чарага Кыргызстандын Сауд Арабия Королдугундагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Абдилатиф Жумабаев, Эр-Рияд шаарын өнүктүрүү боюнча жогорку комиссиянын башкы директору Анас бин Абдулрахман Аль-Шейх, ошондой эле Эр-Рияд шаарында аккредитацияланган бир катар дос өлкөлөрдүн элчилери катышышты. Эр-Рияд шаарынын өнүктүрүү боюнча жогорку комиссиясынын башкы директору Анас бин Абдулрахман Аль-Шейх кыргыз делегациясына дипломатиялык шаарча жана кыргыз элчилигинин курулушу тууралуу маалымат берди.
Биргелешкен жаңы долбоорлорго жол ачылат
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев Сауд Арабия Королдугуна расмий сапарында Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ) президенти Ахмад Мохамед Али Аль Мадани менен жолугушту.
Мекке шаарында өткөн жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Ислам өнүктүрүү банкы менен кызматташуусун өнүктүрүүнүн мындан аркы келечеги талкууланды. Тараптар Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорду талкуулап, Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын алкагында ишке ашырылчу бир катар жаңы долбоорлорду белгилешти.
ИӨБ башчысы Президент Алмазбек Атамбаевге жакында Кыргызстанга жаңы биргелешкен стратегиялык долбоорлорду изилдөө үчүн атайын миссия жөнөтөөрүн маалымдады.
Кыргызстандын Президенти Алмазбек Атамбаев ИӨБнын жетекчилигине өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.
Жолугушуунун жыйынтыгында Мамлекет башчысынын катышуусунда Кыргызстанга өлкөнүн алыскы райондорунда медициналык тейлөөнү жакшыртууга багытталган 5 мобилдүү клиниканы акысыз берүү тууралуу макулдашууга кол коюлду. Бул долбоордун наркы болжол менен 10 млн. долларды түзөт.
Меккеде кичи ажылык жөрөлгөсү болду
Алмазбек Атамбаев Сауд Арабияга болгон сапарынын жүрүшүндө кичи ажылыкты ишке ашырды. Мамлекет башчысы жана кыргыз делегациясы кичи ажылык ырым-жырым жөрөлгөлөрүн Мекке шаарындагы Жабык мечитте ишке ашырышты. Белгилей кетсек, ага кийин Кыргызстандын делегациясы бардык мусулмандар үчүн ыйык болгон Медина шаарындагы Мухаммед пайгамбардын мечитинде да болушкан.
Кечээ, 4-декабрда Президент Алмазбек Атамбаев баштаган Кыргызстандын расмий делегациясы Бириккен Араб Эмиратынын борбору Абу-Даби шаарына келип, Мушриф ак сарайында Абу-Дабинин мураскор ханзаадасы, өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысынын орун басары Шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян менен жолугушту. Иш сапардын алкагында Президент Бириккен Араб Эмиратынын жогорку жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу кызматташтык маселелерин талкуулайт. Андан кийин Президенттин иш сапары Катар мамлекетинде улантылып, 8-декабрда соңуна чыгат.
Даярдаган Бегим ТУРДАЛИЕВА


Leave a Reply