миллер1

Өкмөттүн кезексиз жыйынында корутунду сөз сүйлөгөн “Газпром” ААК Башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллердин айтымында, Кыргызстандын жаратылыш газы менен камсыздалышын азыркы 22%дан 60%га чейин жеткирүү реалдуу максат. Генералдык схемага ылайык газ республиканын бардык жети облусуна жеткирилет, анда жакынкы убакта аткарылуучу иш-аракеттердин баары так аныкталган.

“Газпром” Кыргызстандын газ тармагына 5 жыл ичинде 25 млрд. рубль инвестиция жумшоону пландаган. Генералдык планды даярдоо учурунда андан да көп каражат талап кылынары түшүнүктүү болду. Ошондуктан, обьектилерди реконструкциялоо жана куруу боюнча биринчи кезекте аткарылуучу иш-чаралардын баарын толугу менен каржылоо жөнүндө чечим кабыл алынды. Обьектилерди каржылоо “Газпром Кыргызстандын” үч жылдык инвестициялык программасында көрсөтүлгөн. Инвестициялардын жалпы көлөмү 34 млрд. рублди же 45,5 млрд. сомду түзөт. Ишенимдүү стратегиялык өнөктөш катары “Газпром” ААК өзүнө алган милдеттенмелерин толук көлөмдө жана өз мөөнөтүндө аткарат.

Ал эми “Газпром” ААКнын Курулуш департаментинин начальниги Сергей Прозоровдун билдиргенине таянсак, программада 720 магистралдык газ куурларынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу, компрессордук станциялардын кынтыксыз иштөөсүн камсыздоо, 27 газ бөлүштүрүүчү станциялардын автоматтык коопсуз ишенимдүү иштөөсүн, газ толтуруучу компрессордук станциялардын, ошондой эле 2115,9 чакырымдык газ бөлүштүрүүчү түйүндөрдүн ишенимдүүлүгүн жогорулатуу каралган.

2015-2017-жылдар аралыгында 45 млрд. 480 млн. сомдук инвестициялык программа

жүзөгө ашырылат.

Жалпы сумманын 44 млрд. 119 млн. сому капиталдык курулушка, 50 млн. сому программалык камсыздоолорго, башкаруу системасын автоматташтырууга, 1 млрд. 200 млн. сому монтаждоону талап кылбаган жабдууларды сатып алууга жумшалат.

2030-жылга чейин Кыргызстанды газ менен камсыздоонун Генералдык схемасында камтылган маалыматтарга токтолсок, ага ылайык республикабыздын 411 калктуу пункту жана 845 миңден ашык квартиралар менен турак үйлөргө газ киргизилет. Бөлүштүрүүчү газ куурларынын узактыгы 2705 миң чакырымга, ал эми камсыз болуу деңгээли 60%га жетет.

“Бишкек шаарында кошумча 50 миң квартираны жана турак үйлөрдү камсыздоочу 7 чакырымдык айылдар аралык газ куурларынын түйүндөрү курулат. Баш калаабыздын газ менен камсыздалыш деңгээли 74%га жеткирилиши мүмкүн”,- дейт Генералдык схема боюнча Өкмөттүн кезексиз жыйынында доклад жасаган “Газпром Промгаз” компаниясынын Генералдык директору Юрий Спектор.

Чүй облусунда айылдар аралык 174 чакырым газ куурлары тартылат. Ал 66 калктуу пунктту, 114 миң квартиралар менен турак үйлөрдү газ менен камсыз кылат. Облустун газ менен камсыздалуу деңгээли 64%га жеткирилет.

Талас облусунда 64 чакырым айылдар аралык газ куурлары курулат. Натыйжасында, кошумча 21 айыл, 20 миң квартира жана турак үйлөр газ менен камсыздалып, облустагы камсыздоо деңгээли 42%га жакындайт.

Ысык-Көл облусунда 251 чакырым айылдар аралык газ куурларын куруу каралууда. Ал 57 калктуу пунктту, 78 миң квартира жана турак үйдү көгүлтүр от менен камсыздашы керек. Облустун газдашуу деңгээли нөлдөн 68%га көтөрүлөт.

Тоолуу Нарын облусу да газ менен 32%га камсыз болгону турат. Айылдар аралык тартылуучу 85 чакырымдык газ куурлары 19 калктуу пунктту, 22 миң квартира менен турак үйдү газ менен камсыз кылат.

Жалал-Абад облусун 47%дык деңгээлге чейин газ менен камсыздоочу 78 чакырымдык айылдар аралык газ куурларын тартуу пландалууда. 84 калктуу пунктка, 145 миң квартира менен турак үйгө газ берилет.

Ош облусу үчүн да 213 чакырымдык газ куурун тартуу болжолдонууда. Кошумча 75 калктуу пункт, 145 миң турак үйгө газ киргизилип, облустун камсыздалуу деңгээли 52%га жеткирилет.

Ал эми Баткен облусунда 59 калктуу пунктту, 49 миң квартира менен турак үйлөрдү көгүлтүр от менен камсыздоочу 232 чакырымдык газ кууру тартылат. Облустун жаратылыш газ менен камсыз болуусу 63%га чейин жетээри болжолдонууда.

Юрий Спектрдин айтымында, өлкөбүздүн түндүк аймагында Ташкент-Бишкек-Алма-Ата магистралдык газ куурунун айрым тилкелерин, “Сокулук” компрессордук станциясын да эскилиги жеткендиктен кайра куруу, андан тышкары түштүк аймактарды газ менен ишенимдүү камсыздоо максатында өлкөнүн газотранспорттук системасын бириктирүүчү “Түндүк-Түштүк” магистралдык газ куурун тартуу зарыл. Газотранспорттук системанын объектилерин куруу жана реконструкциялоо, айылдар аралык түйүндөрдү тартуу боюнча Генералдык схемада каралган иш-чаралар жалпы керектөөчүлөрдүн даярдыгы менен да дал келиши керек.

Атай АЛТЫМЫШЕВ