Акыйкатчы институту Бишкекте балдар үчүн «115» ыкчам байланыш номурун ачат
Акыйкатчы институту Кыргызстанда балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын мыйзамдуу коргоо жана балдарга карата зордук-зомбулукту эскертүү максатында телефон байланышын ачууну демилге кылууда.
Ведомствонун басма сөз кызматы маалымдагандай, аталган механизм зордук-зомбулукка кабылган, түзөтүү мекемелериндеги балдар, балдардын ата-энелери же алардын мыйзамдуу өкүлдөрү, ошондой эле мындай зомбулуктардын күбөсү болгондор жардамга кайрылууга жана консультация алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Ушул жылдын сентябрь айында Өкмөттүн токтому чыккан. Бул документ «115» кыска номурун акыйкатчы аппаратына берүүнү жана бул номурду Ыкчам кызматтын тизмегине киргизүү сунушталат.
Долбоордун мөөнөтү 3 жылга деп белгиленген, бирок номур шашылыш ыкчам кызмат макамын алгандан кийин келечекте балдардын укугун коргоо механизмдерин күчөтүү боюнча ишти улантууга мүмкүнчүлүк берет.
Булак : Баракелде

Leave a Reply