Ак-Талаанын тургуну куралсыз кармашуу менен тирүүлөй кармаган карышкыр муунта байланып калгандыктан өлүп калды (фото)
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда тирүүлөй кармалган карышкыр өлүп калды. Бул тууралуу карышкырды кармаган жергиликтүү тургун Мирбек Өмүракунов аймактык кабарчыга билдирди, деп маалымдайт Тurmush басылмасы.
Мурдараак Тоголок Молдо айылынын тургуну М.Өмүракунов 23-декабрда эртең менен карышкыр менен кармашып, аны үйүнө тирүүлөй алып келгендиги маалымдалган.
Анын айтымында, карышкырды тирүүлөй жанынан көрүүгө кызыгып жергиликтүү тургундар келип жаткандыктан аны муунта байлап койгон.
«Катуурак байланып калгандыгына байланыштуу түндө муунуп өлүп калыптыр. Биз аны катуу деле сабаган эмеспиз, андай болгон күндө деле карышкыр сабагандан өлбөйт болчу. Болгону муунуп калып гана өлүп калыптыр», – деди М.Өмүракунов.
Мирбек Өмүракунов карышкыр менен кармашуу учурунда жеңил жаракат алган, учурда ооруканада.


Булак : Баракелде

Leave a Reply