“Абийирим апама да баары бир экен…”
Ата-энем кыйла жыл мурда Тажикстандан көчүп келиптир. Ошондон бери үй-бүлөбүз көп кыйынчылыктарды тартты. Жарандык паспорту жок болгондуктан, атам да, апам да кара жумуштан баш көтөрүшкөн жок. Өздөрү аз келгенсип, бизди да жаштайыбыздан эмгекке салышты. 5-класска чейин эле окуп, андан ары уланта алган жокмун. Үрүл-бүрүл таң аткандан түнгө чейин иштемей бизге адат болуп калган. Ошентип жүрүп там сатып алдык. Элдикиндей заңгыраган чоң там болбосо да ушул эски барак үй өзүбүзгө ак сарайдай көрүнүп, бир бөлмөсүнө турмушка чыккан эжемдин үй-бүлөсүн да киргизип алдык. Ичкен-жегенибиз, жашоо-тиричилигибиз аралашып, эжемдин күйөөсүн өз бүлөбүздөй эле көрүп, сегиз жыл чогуу жашап, эки баласын кошо багыштык.
Жыйырма бешинчи декабрь күнү эч нерседен капарсыз иштеп жаткам. Жумушка жездем издеп келиптир. “Эжең доктурда жатат, сага кийимдерин берип жиберди, сыртка чыгып алып кал, мен такси менен башка жакка баратам”-деди. Айтканындай эле артынан эшикке чыктым. Көз байланып, караңгы кирип калган экен. Жакын жерде машина деле көрүнбөйт. Жездем үндөбөй нары баса берди. Мен да артынан ээрчидим. Кыйла барган соң “кана, таксиңиз?” десем, “баса бер, тиякта, бул жакка барбайм деп койду” – деп, кете берди. Бир маалда басыгын жайлатып, мени алдыга өткөрдү. Мен токтоп, “Жезде, пакетти үйгө эле алып барып коюңуз, мен жумуштан суранган эмесмин, урушат” дегенче болбой, мойнумдан толгоп, колумду бурап, буту менен чалып жыкты. Эмне болуп кеткенин түшүнө албай коркуп кетип, чаңыра баштадым. “Үнүңдү чыгарба, мууздап таштайм” деп жулмалап, эки колумду кайчылаштырып, кыймылдагыс кылып басып алды. Мен тыбырчылап, туйлап, үнүмдүн болушунча бакырып, түкүрүп, сүзгүлөп жаттым. Үнүм чыкпай тамагым кургап, көзүм караңгылап, эсимди жоготуп коюпмун. Канча убакыт болгонун билбейм, турсам алдымдагы кар эрип, кийимим бүт суу, чачым жулмаланган, денем жанчылып калгандай көтөрө албайм. Ушунун баары чын эле өңүмдө болуп жатабы же түшүмбү? – деп, башым айланып, кускум келип көпкө отурдум.
Жумушка келсем кожойкебиздин жүрөгү түшүп калды. Болгон ишти айтсам “мен буга кийлигише албайм, ата-энеңе айт” – деп, такси чакырып, узатып койду. Атамдын мүнөзү абдан катаал, анын үстүнө карыганда беймаза кылбайын деп апама ыйлап айттым. Апам үндөбөй укту да “болду, жабылуу казан жабылуу бойдон калсын, эч кимге оозуңдан чыгарба, тез арада бирөөгө күйөөгө тий да, тын”, – деди. Көкүрөгүм сууп, боздоп ыйладым “апа, ушундай кантип болсун, бүгүн мага кол салган неме эртең сиңдимди да соо коймок беле, эмнеге менин тагдырымды ойлобойсуңар, кантип жүз көрүшүп, кантип бир үйдө жашайбыз?!” десем, “Аны каматып, эжеңден ажыратсак, анын эки баласын ким багат?”- деп, мени эки күн үйдөн чыгарбай камап отурду. Булардын айтканындай болоюн десем жездемдин каракчыдай абалы көзүмө элестеп, түнү менен кирпик ирмелбейт, жүрөгүм оозума тыгылып, жанымды коерго жер таппайм. Көзүм илинип кетсе эле келип басып калчудай чакчайып чыгам. Акыры үйдөн качып чыгып, ооруканадагы эжеме келдим. Ага айтсам “Сенден муну күткөн эмесмин, милицияга арызданчу болбо, эки бала эмне болот?”- дейт. Ошону уккандан кийин өлүп эле алайын дедим. Акыркы үмүт менен жакшы санаалаш болуп жүргөн эжеге келип ыйладым. Ал мени “Сезим” борборуна алып келди.
29-декабрдын түнүндө белгилүү себептерге байланыштуу аты аталбаган жабырлануучу “Сезимдин” убактылуу баш калкалоочу жайына психологиялык жактан оор абалда келди. 1-январь күнү бул кыз 19 жашка чыкмак экен. Сексуалдык зомбулукка дуушар болгон кыздын арызы боюнча Бишкек шаардык Ленин районунун ички иштер бөлүмүнө кайрылдык. Аталган факты боюнча алгачкы иликтөө иштери башталды. Кылмышка шектүү делген жаранды жашаган дареги боюнча таап, суракка алган учурда адегенде баарын танып, анан акырында кылмышын мойнуна алууга аргасыз болду. Учурда бул кылмыш боюнча тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.
Айбандык жоругун танып, жоопкерчиликтен качуу аракети кылмышкерге мүнөздүү нерсе дечи, бизди мындай жоболоңдуу жорукту угуп-билип туруп, жашырып, жапканга жан талашкан үй-бүлө мүчөлөрүнүн (жабырлануучунун энеси менен эжесинин) ниети таң калтырат. Тергөө учурунда беттешүүгө келген энеси кызынын абийири тебеленип, оор абалда турганына карабай “мен сага айтпадым беле, дымыңды чыгарбай тындыр дебедим беле!” деп атырылса, эжеси “балдарымды ойлогон жоксуңбу!” – деп, док урунду. Тилекке каршы, адамдын адамдык укугуна эле эмес , бүткүл арыятына, андан аркы тагдырына кесепетин тийгизген оор кылмышка ушундай кайдыгер мамиленин айынан аялдарды, балдарды сексуалдык жактан кордоо күч алып, жаман менен жакшынын, адал менен арамдын айырмасы билинбей баратпайбы.
Жабырлануучу азыркы күндө “Сезим” кризисттик борборунда психологдордун көзөмөлүндө. Ага эки күндүн биринде апасы “дарегиңди айт, үйгө алып кетем” деп телефон чалат. “Үйгө барганда эмне кылаары белгилүү да, мени бирөөгө күйөөгө түртө салып, арызды кайра алууга мажбурлашат, иш аягына биротоло чыкмайынча эч жакка барбайм, арызды кайра кайтарсам жездебиз эми сиңдиме кол салгандан кайра тартпайт”, – дейт. Эми маселе укук коргоочулардын бул оор кылмышка жараша жаза чектөөсүндө калды.
Айзат Кулманбетова


Leave a Reply