Атамбаев

Жума күнү «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында Соттук реформа боюнча кеңештин жыйыны болуп өттү.

Алгач отурумда соттук реформанын жүрүшүндө иштелип чыккан кодекстер жана мыйзамдардын акыркы редакциялары тааныштырылды. Негизинен, 7 мыйзамдын жаңы долбоору сунушталууда. Алар Кылмыш-жаза кодекси, Кылмыш-жаза – процессуалдык кодекси, Кылмыш-жаза – аткаруу кодекси, Жарандык- процессуалдык кодекс, Жүрүм-турум жөнүндөгү кодекс, ошондой эле «Аткаруу өндүрүшү жана соттук аткаруучулардын макамы» жана «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү» мыйзамдары. Президенттин Аппаратынын сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы Индира Жолдубаева жүргүзүлүп жаткан соттук реформанын алкагында Кеңештин эксперттик жумушчу топтору тарабынан иштелип чыккан кодекстердин жана мыйзамдардын долбоорлорунун жаңы редакциясын кеңири айтып берди. Белгилей кетсек, бул жаңы ченемдик-укуктардын предметтик талкууланышы президенттик Аппараттын жетекчиси Д.Нарымбаевдин жетекчилиги астында буга чейин 3 отурумда каралган.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө судьялар, анын ичинде Жогорку соттун судьялары тарабынан кетирилген соттук жаңылыштыктарды оңдоонун механизмдерин иштеп чыгуу өтө зарыл экендигин белгиледи. Ошондой эле сот реформасын толук кандуу ишке ашырууга мүмкүнчүлүк берген Баш мыйзамдын сот системасына тиешелүү ченемдерине айрым түзөтүүлөрдү киргизүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө Соттук реформа боюнча кеңештин сунуштарын колдоого алды. “Талкууланып жаткан бул мыйзам долбоору жарандарды соттордун өзүм билемдигинен коргоо үчүн багытталган. Айрым мыйзам долбоорлору укук коргоо органдарына жага бербейт. Анткени, аларга кошумча жумуш жаратат. Биз биринчи орунга жарандардын укугун коргоону коюп жатабыз. Керек болсо, сот реформасынын жүрүшү үчүн Баш мыйзамды өзгөртүү керек болсо, анда биз дал ошол сотторго тиешелүү жерин өзгөртүүгө барышыбыз керек. Мындан улам “Атамбаев авторитардык жолго барып, өмүр бою бийликте калгысы келип жатат” дебегиле. Менин андай оюм жок. Кийинки мөөнөткө барбаймын деп ар дайым айтып келем”, – деди Алмазбек Атамбаев.

Ал эми сот системасын реформалоо багытындагы айрым сунуштарга каршылыгын билдирген өлкө башчысы “Мурдагы Конституциялык сот мыйзам вертикалын бузгандыгы айтылып келет. Жогорку Соттогу “үчилтик” өзүнчө эле 10 Жогорку сотко айланып калгандыгын туура айтып жатышат. Алар чыгарган айрым чечимдер ал жакта олчойгон суммалар айланып жаткандай чоң шектенүүлөрдү туудурат”, – деген сөзүн айтты.

Президент ошондой эле соттук реформа боюнча кеңештин бардык мүчөлөрүнө, эксперттерге бул багытта талыкпаган эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эми мыйзам долбоорлорун белгиленген тартипте кароо, демилгелөө жана талкуулоо боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдыда боло турган ишинин маанисин белгилеп, “Сиздер сот реформасын ишке ашыруу боюнча биз сапар тарта турган чоң жолдун негизин түптөөгө тийишсиздер”, – деди ал.

Калк тарабынан мамлекеттик бийликтин жана сот корпусунун дарегине сот реформасынын жүрүшү боюнча бир топ сындар айтылып келет. Буга токтолуп, мамлекет башчысы кыргызстандыктарга биринчи кезекте адилеттик керек экендигин дагы бир ирет баса белгиледи. Андан тышкары, арыз боюнча кылмыш ишин козгоого каршы чыгып, Жогорку соттун коллегиясынын санын көбөйтүү сунушун карап чыгуу демилгесин колдоого алды. Буга катар эле соттолгондугу үчүн укуктарды чектөөгө каршы болду. Анын пикиринде, бейбаштык боюнча соттолгон саясатчылардын чоң саясатка келишине жол тосулбашы керек. Эгерде, оор эмес кылмышы үчүн соттолгон адам 2-3 жыл ичинде тартипти сактап, мыйзам бузууга барбаса, анын саясатка кайра келишине мүмкүнчүлүк түзүлүшү, ал адамдын соттолгондугу тууралуу макамы алынышы зарыл.

Соңунда Президент Алмазбек Атамбаев айтылган пикирлерди жана сунуштарды эске алып, сунушталган ченемдик укуктук актылардын долбоорлору менен макул болууну сунуш кылды. Соттук реформа боюнча кеңештин мүчөлөрү айтылган сунуштарды жана пикирлерди эске алуу менен сунушталган кодекстердин жана мыйзамдардын долбоорлорун жактырышты. Иштелип чыккан кодекстер дагы көптөгөн талкуудан өтүп, парламентке жөнөтүлөт. Парламент бул маселени дагы 3 окуудан карайт. Сот реформасынын жүрүшү келерки жылы аяктоого тийиш. Өлкө башчысы биргелешкен аракеттер менен мыйзамдардын долбоорлору парламентте кабыл алынышына, ошондой эле алардын аткарылышы үчүн келерки жылдын бюджетине каржылык каражаттарды кароого жетишээрине үмүттөнөөрүн билдирди.

Динар Турдугулова