Мезгилдүү басылмаларга берилүүчү жарнак ошол басылма чыгарылган тилде жайылтылышына мүмкүнчүлүк берилүүдө
“Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 12-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Текебаев. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Ө.Текебаевдин айтымында, азыркы тапта мезгилдүү басылмалар бүткүл дүйнөдө кризиске учурап бара жатат. Бүгүн гезиттер жарнакты мыйзам боюнча кааласа-калабаса дагы кыргызча-орусча басып чыгарышы керек. Мындай жагдайда гезитте көп көлөмдү ээлеп калып жатат. Бул кошумча каражатты талап кылат.
Андыктан, сунушталган мыйзам долбоору аркылуу “Жарнак жөнүндө” мыйзамдын 5-беренесинин 3-пунктуна мезгилдүү басылмалардагы жарнак ал басылма бастырылып чыгарылган тилде жана жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча кошумча башка тилдерде жайылтылышын караган ченемди киргизүү сунушталган.
Ал эми мурдагы талап көчөдөгү көрнөктөргө, теле каналдардагы жарнактарга кала берет. Себеби, аларда көлөм чектелбейт, кошумча каражат талап кылынбайт.
Талкууда депутат Ыргал Кадыралиева “жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча кошумча башка тилдерде жайылтылышы” деген толуктоонун ордуна “кардар кошумча жарнак берүүнү кааласа кыргыз же орус тилинде берүү” деген өзгөртүү менен алмаштырууну сунуштады. Мындай сунушка демилгечи макулдугун берди.
Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Leave a Reply