Депутат Б.Шаршеев курулушу жүрүп жаткан ири автожол долбоорлоруна кабелдик канализацияларды камтууну сунуштады
Мындай сунушу менен депутат Бакыт Шаршеев 12-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында чыкты.
Депутат Бишкек-Торугарт, Түндүк-түштүк альтернативдүү жолунун курулуштарына токтолуп, “эки иштен – бир иш кылып”, аларга кабелдик канализацияларды кошуп кетүү менен шаарлар аралык интернет кабелдерин тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөөрүн айтты.
Ошону менен катар Бишкек-Торугарт жолунун курулуп жаткан Долон – Кызыл-Бел тилкесиндеги Оттук айлынын мектеп окуучулары бул жолду кесип өтүп, мектепке барарын белгилеп, аталган кан жолго жер астынан өтүүчү өтмөк салуу зарылдыгын кошумчалады деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Leave a Reply