Нарында токойчулардын үйлөрүнүн 16 пайызы кулап калуу абалга жеткен
Мындай маалыматты Нарын аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын башкы адиси Таалайбек Абдыраев келтирди.
-Башкармалык боюнча токой чарбаларда жалпысы 55 сакчылар үйү (кардом) бар. Бирок алардын тогузу авариялык абалда. Мындан Ак-Талаа районунда сакчылардын үйү төртөө болсо, алдардын үчөө кулап калуу абалга жеткен. 24 үй капиталдык оңдоого муктаж. Ошол эле учурда токой баскан орчундуу 10 жерге жаңы сакчылар үйү салынышы керек,-дейт Т.Абдыраев мырза.
Ал эми жыйынга катышкан бийлик өкүлдөрү бул үйлөр тууралуу жооп кайтарышкан жок.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Leave a Reply