Кыргыз жаштарына Орусиянын окуу жайларынын эшиги ачык

2015-2016-окуу жылына карата Орусиянын жогорку окуу жайларында бюджеттик негизде билим алууга кыргызстандык жаштар үчүн 445 орунга квота бөлүндү. Бул туурасында Орусия элчилиги Кыргызстандын билим берүү мекемесинин өкүлдөрү менен жолугушуусунда белгиледи. Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева билдиргендей, орусиялык окуу жайларга облустук, республикалык жана эл аралык олимпиадаларда жетишкен ийгиликтер тууралуу документтер, баарлашуу жана тесттин жыйынтыгы менен кабыл алынат. Кабыл алуу үстүбүздөгү жылдын 13-февралына чейин жүргүзүлөт. Бардык керектелүүчү документтер тууралуу кошумча маалыматтарды Кыргызстандын Орусия менен кызматташтык сайтынан алууга болот. Мындан тышкары, Бишкек шаарындагы Орусиянын илим жана маданият борборунда билим алуу жана документтерди даярдоо боюнча кеңеш берүүчү кызматкерлер иштеп жатат.
Динар Турдугулова

Leave a Reply