Тарбиячыларга маяна төлөнбөй айрым бала бакчалар жабылуу алдында
Мындай көйгөй бүгүн, 5-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында депутаттар Уланбек Нуркулов, Абдулатип Режевалиев жана Гүласал Садырбаева тарабынан көтөрүлдү.
Эл өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 20 бала бакча ачылган болсо, бүгүнкү күндө алардын 9у жабылуу алдында турат. Кендирди кескен жагдай бала бакчалардагы тарбиячыларга каражат төлөнбөгөндүгүндө болууда. Ансыз деле тарбиячылар 1 жыл бекер иштеп беришкен. Ошону менен катар бала бакчалар жабылып калбасын деп өз чөнтөктөрүнөн дагы каржылап келишкен.
Мындай көйгөйдүн чечилишин депутаттар Өкмөткө багытташты деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Leave a Reply