Атамбаев: Италиянын жаңы президентин куттуктады
Президент Атамбаев Серджо Маттареллени Италиянын Президенти болуп шайланышы менен куттуктады. Куттуктоодо Мамлекет башчысы Кыргызстан Италия менен достукту жана өз ара кызыкчылык туудурган приоритеттүү тармактарда кызматташууну мындан ары чыңдоого зор маани берээрин баса белгиледи. Серджо Маттареллеге чың ден соолук, бакубатчылык жана мындан ары мамлекеттик ишмердигинде ийгиликтерди каалады.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply