business2791

Февраль айынан тарта электр энергияга болгон баа арзандады. Бул тууралуу отун энергетикалык комплексин жөнгө салуу агенттигинин директору Нурбек Элебаев билдирди. Мындан ары айына 700 кВт сааттан ашык колдонгон абоненттер 1 сом 82 тыйындан төлөшөт.  Эске салсак, буга чейин лимиттен ашкан колдонуучулар 2 сом 19 тыйындан төлөп келишкен. Натыйжада электр энергия жөнөкөй жарандар үчүн 23 тыйынга арзандады. Ал эми башка колдонуучулар үчүн тариф 1 сом 97 тыйындан айланмакчы. Өндүрүш ишканалар буга чейин 2 сом 50 тыйындан төлөп келишкен.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА