parlament

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитети бүгүн, 27-январдагы жыйынында “Аскер кызматчыларынын жана окуу менен атайын жыйындарга чакырылган аскерге милдеттүүлөрдүн жана аларга теңештирилген адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын милдеттүү мамлекеттик камсыздандыруу жөнүндөгү” мыйзамга сунушталып жаткан толуктоолорду экинчи окууда жактырды. Аталган мыйзамдын 3–беренесинин экинчи жана үчүнчү абзацтарында каралган камсыздандыруу учурлары келип чыкканда, аскер кызматкерлери жана ага теңештирилген адамдар, эгерде өлүм же майыптуулук аскер кызматын, аскердик жыйындарды өтөө мезгилинде орун алган мертинүүлөр(жарадар болуудан, жаракат, контузия) же ооруга чалдыгуунун натыйжасында келип чыкса, аскердик кызмат, аскердик жыйындар аяктагандан кийин бир жылдын ичинде камсыздандырылат деп белгиленүүдө. Ошондой эле комитеттин кароосуна коюлган маселелердин катарында Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарын пайдалануу боюнча маалыматтар дагы угулду. Анда баяндалгандай, 2011-жылдын 1-октябрынан тартып, 2013-жылдын 1-октябрына чейинки мезгил ичиндеги Кыргызстан Профсоюздар федерациясынын иши Эсептөө палатасы тарабынан текшерилип чыккан. Анда каражатарды максатсыз пайдалануунун негизинде 1267 бала ден соолугун чыңдоо укугунан ажыраган. Дагы башка бир топ максатсыз колдонулган каражаттардын эсеби такталган соң, Социалдык саясат боюнча комитет Өкмөткө бир топ тапшырмаларды берди. Ага ылайык, эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондунун каражаттарынын эсебинен каржылануучу санаторийлик-курорттук дарыланууга жана эс алууга жолдомолорду бөлүштүрүү тартиптерин жөнгө салуучу жобону иштеп чыгып, бекитүү жагын эми министрлер кабинети колго алат. Ал боюнча аткарылган иштердин жыйынтыгын Өкмөт ушул жылдан 1-апрелине карата Социалдык саясат комитетинин кароосуна киргизүүгө тийиш.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА