Балдардын укуктарын коргоо боюнча Балдар, Үй-бүлө, Кылмыш-жаза кодексине түзөтүү киргизип, Координациялык кеңеш түзүү демилгеленүүдө
СССР маалында “Баардыгы балдар үчүн” деген ураан бар эле. Бүгүнкү күндө балдарды коргоо жаатында мыйзамдар, бейөкмөт уюмдар көп. Бирок балдарга болгон зордук-зомбулук барган сайын күч алууда.
Мындай маселени менен бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Карамат Орозова сунуштады. Ал азыркы тапта КР Балдар кодексине, Үй-бүлө кодексине, Кылмыш-жаза кодексине тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү зарылдыгын баса белгиледи.
Ошону менен катар Балдардын укуктарын коргоо жаатында Өкмөттүк деңгээлде Координациялык кеңеш түзүүнү сунуштады деп маалымдайт Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Leave a Reply