44444

Йемендин борбору Сана шаарында мусулман-шейиттердин “Ал-Хути” тобунун адамдары президент сарайына чабуул жасады. Ошондой эле мамлекет башчы жашаган үйгө аткылоо болгон. Ок коңшу жайгашкан имараттын чатырынан атылган. Ал учурда президент Абд Раббу Мансур Хади резиденциянын ичинде болгонбу же жокпу, белгисиз. Йемен куралдуу күчтөрүнүн маалыматына ылайык, Сана шаарынын айрым аймактарын көзөмөлдөп турган топтор ошол эле күнү президенттик сарайга чабуул жасап, курал сакталчу кампага басып кирген. Өлкө бийлиги болсо, мамлекетте башаламандык жасоо аракети жүрүп жатканын айтууда.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА