каныбек Осм1

20-январда Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинде балдарга карата болгон зордук-зомбулукту жана күч колдонууну алдын алуу боюнча маселе каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Комитет жыйынына Билим берүү, Ички иштер, Социалдык өнүгүү, Эмгек, миграция жана жаштар иштери боюнча министрликтеринин жетекчилери, КР Акыйкатчы институту жана башка ведомстволордун, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кыргызстанда балдар үй-бүлөдө, балдар үйлөрүндө, интернаттарда зордук-зомбулуктун жана күч колдоонуунун ар кандай көрүнүштөргө дуушар болгон фактылар өтө көп кездеше баштаганын айткан комитет төрагасы Каныбек Осмоналиев коомчулуктагы мындай олуттуу маселеге көңүл буруп, комитет жыйынында каралып жатканын билдирип, бир катар сандык маалыматтарга токтолду.  Ошону менен катар балдарга карата зордук-зомбулук маселеси боюнча комитеттин көчмө жыйыны өтүп, анда Өкмөткө бир катар тапшырмалар берилгендигин эске салды.

Жыйындын жүрүшүндө 2015-жылдын 11-январында №3 балдар ооруканасына Аламүдүн районунун Озерная айылынан 2 жашар бала зордук-зомбулукка кабылып, өтө оор абалда ооруканага түшкөндүгү тууралуу дагы сөз болду. Мына ушундай үрөйдү учурган көрүнүштөр социалдык абалы жана мамилеси начар үй-бүлөлөрдө көбүрөөк кездешип жатканы айтылып, бир катар мисалдар келтирилди.

Жыйынга келген министрликтердин жетекчилери “Зомбулуксуз мектеп” долбоорунун алкагында бири-бири менен кызматташа иш алпарып жатканын билдиришти.

“Балдарды коргоо лигасы” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Назгүл Турдубекова мындай көйгөйлөргө токтолуп, Өкмөткө балдарды коргоону координациялоочу аракеттердин улуттук планы керектигин, бул көйгөйдүн башкы себеби жакырчылыкты түп-тамырынын  бери жоюу маселеси тургандыгын айтып, сунуш-пикирлерин ортого салды.

Талкуунун жүрүшүндө балдарды коргоо боюнча уюмдар, коюлган пландар көп болгону менен жыйынтык болбой жатканын билдирген депутат Карамат Орозова бул маселе боюнча чоң жыйын өткөрүү зарылдыгын, балдарды, үй-бүлөнү сактап калуу үчүн Балдар жана Үй-бүлө кодексине түзөтүү киргизүүнү сунуштады. Депутат Бөдөш Мамырованын пикиринде, социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө мониторинг жүргүзүү, ата-энелердин жоопкерчилигин жогорулатуу зарыл. Ал эми депутат Элмира Иманалиева балдарды коргоо жаатында өкмөттүк деңгээлде координация жоктугун, ички, сырткы миграция маселеси, анын ичинде мигранттардын канчасы балдарын таштап, чет өлкөгө жумушка кеткендиги, балдары кимдердин колунда калгандыгы боюнча талдоо жасалбагандыгын сынга алды. Ошондой эле Балдарды коргоо боюнча улуттук комиссияны кайра калыбына келтирүүнү сунуштады.

Комитет төрагасы К.Осмоналиев депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди эске алуу менен Балдар кодекси, Үй-бүлө кодексинин аткарылышы боюнча аткаруу бийлигинин маалыматын угууну Социалдык комитеттин негизинде Жогорку Кеңештин жыйынына алып чыгуу керектигин билдирди.

Мындай сунушту колдоо менен комитеттин тиешелүү чечими кабыл алынды.