Балдардын укугун коргой албаган коомдун келечеги күмөн
Өкмөттө премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин жетекчилиги алдында балдарга карата зордук-зомбулук фактысы боюнча өткөн жумада жыйын өттү. Жыйынга Өкмөт мүчөлөрү, журналисттер катышты.
Муздай катыган көйгөйлөр
Кыргызстанда балдарга көңүл бурулбагандыктан улам кайдыгерликтен жапа чеккен тагдырлар кайталанып жатат. Көпчүлүгү туугандар арасында болуп, кылыктарын жаап-жашырышат. Мисалга алсак, 1,5 жашар кызды таежеси сабап, ал 1 жылдан бери комада жатат, 3 жашар кызды атасы зордуктаган, 3 жашар кыз 16 жолу бычак жеген, 9 жашар кызды таята, таекелери зордуктап жүргөн, жакында эле 2 жашар бала аеосуз сабалып, зордукталган. Азыркыга чейин бала комадан чыга элек. Врачтар мындай иштерди милицияга тез арада кабарлап, социалдык кызматкерлер жакыр же мигрант болуп кеткен үй-бүлөлөрдүн маалыматтарына мониторинг жүргүзүшү керек.
“3-4 күндүн ичинде бардык мектеп директорлору тобокел үй-бүлөдө жашап жаткан балдардын тизмесин жөнөтсүн. Пресса коомчулукка мындай окуяларды жана ага каршы иштелип жаткан чараларды көбүрөөк жазышсын. Коркунучка кабылган балдардын 90%ы жетишпеген үй-бүлөлөрдөн чыгууда. Мигранттар өзүнчө бир тобокел топ. Балдарын таштап, мигрант болуп кетип жаткан үй-бүлөлөрдүн тизмесин түзгүлө. Мектептерде балдардын укугу тууралуу айтылбай жатат. Чет өлкөлөрдө ар бир бала жардам сураш үчүн үч номурду терээрин билет. Балдарга кол салган кылмышкерлердин маалыматын топтоп, аларга катуу чара көрүлсүн. Өкмөт, Жогорку Кеңештин балдардын корголушу жөнүндө токтомдору бар, бирок алар аткарылбай жатат. Министрлер токтомдордун аткарылышын колго алып, иш-чаралардын планын иштеп чыксын. Балдарды коргоо жана туура тарбия берүү боюнча телеге социалдык роликтерди чыгарып, бардык прессада маалыматты күчөтүү зарыл. Наристелерди сабоо, кордоо өлкө үчүн уят”, – деди премьер-министр.
Министрлер эмне дейт?
Ички иштер министри Мелис Турганбаев:
– Эки жашар бала жашаган үйдүн ичин тинтип, кыздарын да суракка алып жатабыз. Кыздарынын улуусу 16, кичүүсү 5 жашта. Мындай мисалдар тилекке каршы, абдан көп. Мигранттар балдарын туугандарына таштап кетишет. Буга чейин запкы жеген 2-3 баланын ата-энесин чакыртып, колуна салып бергенбиз. Азыр 2 бала Бишкекте жалгыз жашайт. Алардын атасы жок, апасы Россияда иштеп, акча салып турат. Алар үчүн бир инспектор бөлүп бергенбиз, дайыма аларды көзөмөлдөп турат. Балдарга карата зомбулук күчөгөндүктөн жаш өспүрүмдөр менен иштөөчү инспекторлордун санын жогорулатып жатабыз. Октябрь айынан бүгүнкү күнгө чейин кошумча 120 инспекторго көбөйттүк. 2014-жылы мурдагы жылга салыштырганда балдарга болгон кылмыштуулукту 13%га түшүрдүк, бирок ата-эненин кайдыгерлиги токтобой жатат. Кээ бир ата-энелер 2-3 күнгө кеткенде балдарын түнкү клубдарга акчасын төлөп таштап кеткен фактылар бар. Ата-энелер менен тыгыз иштешүүнү колго алабыз.
Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев:
– Социалдык жактан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, алардын балдары бүт учетко алынат. Эки жашар Ибрагимди сабады делген атанын үй-бүлөсү жакшы турат, 5 кызы бар. Баланын өз атасы Кудайга ишенген киши, агасына ишенип баласын таштап кеткен. Ишенимди тебелеген анын агасы. Азыр коом өзгөрүлдү, аң-сезимди аңтара турган окуялар болуп кетүүдө. Биздин министрликте 17-66 деген кыска номерлүү ишеним телефону иштейт.
Балдардын зордукталуусу боюнча маалымат
Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсү боюнча, 2014-жылдын акыркы кварталында балдарды зордуктоонун 13 фактысы катталган. Алардын 9у соттук-медициналык экспертизадан өтүп, сексуалдык зордуктоо болгону аныкталган. Алардын баарына балдар ооруканаларынан дарыланууга жолдомолор берилсе да, бирөө гана кайрылган. Ата-энелердин көбү тартынып, балдарын психиатрларга көрсөтүшпөйт. Жалпысынан 2014-жылы саламаттыкты сактоо мекемелеринен зомбулук боюнча ар түрдүү мүнөздөгү 105 окуя катталса, анын 52си 18 жашка чейинки өспүрүмдөр болгон.
Зордуктоо фактысы аныкталды
2 жашар Ибрагимдин зордукталганын соттук-медициналык экспертиза кечээ тастыктады. Баланы аз убакыт баккан агасы Жаныбек Түлөкабылов жана анын аялы Айзада Түлөкабылова азыр №1 СИЗОдо 2 айга камакта жатат. Аларга эми атайылап ден соолукка залал келтирүү жана зордуктоо боюнча кылмыш иштери козголоорун ИИМден билдиришти.
Жактоочу жыйынтыкка макул эмес
Эки жашар Ибрагим азыр деле комадан ойгоно элек. №3 балдар ооруканасынын башкы дарыгеринин акыркы маалыматы боюнча баланын акыбалы дагы деле жакшы эмес. Экспертизанын жыйынтыгына макул болбой, кайра комиссия түзүлсүн деген оюн билдирип, кылмышкерлердин адвокаты Байыш Кыдыралиев коомчулукка кайрылууда.
Сымбат МАКСУТОВА


Leave a Reply