карта1

10-январда Кытайдын Түндүк-Батышында жайгашкан Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунда күчү 5,4 баллга жеткен жер силкинүү катталып, жергиликтүү 1508 тургун жабыр тартканын кечээ “Женьминь Жибао” гезити маалымдады.

Кытайдын сейсмологиялык борбору жер силкинүү  Пекин убактысы боюнча саат 14.50дө Кызыл-Суу-Кыргыз автономиялуу округунун Артуш уездинде 10 км. тереңдикте болгондугун аныктаган.

Гезиттин маалыматына караганда 51 турак үй олуттуу зыянга учураган. Учурда жер силкинүү катталган аймакка гуманитардык жардам жеткирилүүдө.

Кошумчаласак, Кызыл-Суу-Кыргыз автономиялуу округунда 124 миңден ашык этникалык кыргыздар жашайт.