айнуру1

Бул тууралуу 18-декабрда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Айнуру Алтыбаева маселе көтөрүп, Кара-Суу районундагы айрым курулуштарды мисалга тартты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Анын маалыматы боюнча Ош областынын Кара-Суу районун Савай  айыл өкмөтүндөгү № 47 мектептин спорт залын курууга 2011-жылы толугу менен “Фирдоуси” деген компанияга  акча толугу менен которулган. Мына 2015-жылы кирип келди, тилекке каршы, спортзал жарым-жартылай курулуп, курулушчулар кетип калышкан. Дагы эле ошол Кара-Суу районундагы Кыдырша айылындагы  жайгашкан № 48 жаңы эле курулуп бүткөн мектептин полу түшүп кеткен. “Республикалык бюджеттен каражат каралып жаткандан кийин, курулуштардын сапаттарына  сөзсүз көзөмөл керек”,- дейт эл өкүлү.

Мындан сырткары, депутат мектептердин электр энергиясын жана жылуулугуна төлөөдө республикалык бюджеттен каралган акча каражаттары өз убагында бөлүнбөй, каржылоо  маселеси жылдын аягына чейин созулуп, төлөөгө келгенде пениясы менен келип жаткан жагдайлар боюнча да сөз козгоду. “Менимче, бул маселени караш керек. Убагында каржылоо болбосо эмнеге мектептерге акча электр энергияга пениясы, проценти менен төлөш керек” деген депутат бул маселе Өкмөттө каралышы керектигин айтты. Ошондой эле азыр 10-11 класстар, дагы 8-9 класстардын экстерно аяктоо системасына министрлик уруксаат берилгендигине токтолгон депутат А.Алтыбаева 2700 сом төлөп, мектепти экстерно бүтө берүү туура эместигин баса белгиледи. “Бала толугу менен орто  билимди толугу менен сапаттуу алыш керек. Аз канча акчага кызыгып, биз өзүбүздүн  приоритет койгон билим тармакка мындай мамиле жасоого болбойт”,-дейт депутат.