батырбеков

Депутат А.Баатырбеков бүгүн, 18-декабрда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында жумушчу орундарды түзүү көйгөйүнө токтолду. Ал калкты иш менен камсыздоо багытында Алай, Ат-Башы райондорунда Бажы-логистикалык комплекс куруу боюнча мамлекет башчысынын жарлыгы, Жогорку Кеңештин токтому чыккандыгын айтып, ошол боюнча Өкмөт комиссия түзүп, иштегени менен натыйжалуу иш алпарылбагандыгын сынга алды.

Анын маалыматына ылайык, Өкмөт тарабынан түзүлгөн комиссия орундарды аныктаганы менен ал жерлерге инвесторлор чыкпай жатат деген шылтоо менен бир да иш жасалган эмес.

Мындай Бажы-логистикалык комплекстин зарылдыгын айткан эл өкүлү ал жерде көп адамдар жумуш орду менен камсыздалаарын дагы бир жолу Өкмөткө багыттады. Ошону менен катар ал мамлекеттен өнөктөш катары Экономика министрлигин эмес, Бажы кызматын аныктоону түшүндүрүп берди. Айтымында, Өкмөт сунуштаган жер Эркин экономикалык аймакка тиешелүү. Андыктан инвесторлор ал жерге комплекс кургусу келбейт.

“Эми бул маселени чечүү үчүн Өкмөт кайра кайрылып келип, мамлекеттик өнөктөш катары Бажы кызматын аныктап, ага жерди аныктап, инвестор тапкыла деп ташырма берүүнү протоколдук тапшырма катары берсек”,-дейт А.Баатырбеков. Ал Бажы союзуна кирүүнүн алдында турганда Өкмөт бул маселеге ыкчам аракет кылып чечип берсе, жазга маал жумуш башталып калаарына толук ишенерин кошумчалады деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.