парламент

 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин азыркы чакырылышынын төрт жылдык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына арналган «Парламенттик демократияны өнүктүрүү: алган сабактар жана келечектер» илимий-практикалык конференциясын өткөрүү пландаштырылууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Конференцияны өткөрүү боюнча вице-спикер Төрөбай Зулпукаров башында турган уюштуруу комитети түзүлүп, анын биринчи жумушчу жыйыны болду. Уюштуруу комитетинин курамында Жогорку Кеңештин депутаттары, КР Президенти менен Өкмөтүнүн өкүлдөрү бар.

Уюштуруу комитетинин жыйынында Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков парламенттин азыркы чакырылышына парламенттик демократияны жаңы шартта, жаңы нукта өнүктүрүү вазийпасы туш келгендигин баса белгиледи. “Парламенттик демократияны өнүктүрүү боюнча башка өлкөлөргө да сабак болор, тажырыйба алмашаар көп иштер жасалды. Биз мына ушуну коомчулукка ачып берүүгө тийишпиз», – деди А.Жээнбеков.

Жыйын жүрүшүндө «Парламенттик демократияны өнүктүрүү: алган сабактар жана келечектер» илимий-практикалык конференциясын даярдоо жана өткөрүү жаатында бир катар сунуштар берилип, айрым жагдайлар такталды.