наблюдение1

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева бүгүн, 17-декабрда “Парламент” радиосуна түз эфирге маекке чыгып, Парижде Европа Кеңешинин Парламенттик ассамблеясынын (ЕКПА) Саясый маселелер жана демократия боюнча комитетинин жыйынына катышып келгендиги тууралуу кеп кылып берди. Вице-спикер ЕКПАнын аталган комитетинин жыйынында өлкөдөгү саясый кырдаал жөнүндө маалымат сунуштап, чет өлкөлүктөрдүн Кыргызстанда иштөөсүнө уруксаат берүүчү документтерди алуу жана башка бир катар мыйзам долбоорлорунун айланасындагы маселелерге түшүндүрмө бергендигин билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Мындан сырткары, “Парламент” радиосунун угармандарынын борбор калаанын айланасындагы дачалардын жашоочуларынын шайлоо укугу, катталуу укугу сындуу көйгөйлөрүнө, автоунаалардын ишеним кат менен сатып алууда жана унаанын буга чейинки төлөбөгөн салыктарын ким төлөй тургандыгына байланышкан суроолоруна, жер тилкелерин ишеним каттар менен сатылышынын мыйзамдуулугу, коопсуздукту алдын алуу үчүн видеобайкоо жабдууларын орнотуу маселелерине жооп берди. Вице-спикер чет өлкөлөрдө видео-байкоо жабдыктарын орнотуу эчак эле жолго коюлгандыгын, бул маселе элдин, мамлекеттин коопсуздук маселеси экенин айтып, “Баардык мекемелерге видео- байкоочу жабдыктарды орнотуу өз жемишин берет”,- дейт.