Күз-кыш мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында бийик тоолуу шарттардагы райондордун электр энергиясын компенсациялоого бюджеттен 208 млн сом каралды
Ушул жылдын башынан бери күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча иш-чараларды каржылоого республикалык бюджеттен 6 млрд. 28,7 млн. сом бөлүндү.
Каржы министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, анын ичинен жылуулук энергиясын субсидиялоого сарпталчу чыгашалар 1 млрд. 521,3 млн. сомду түздү, анын 1 млрд. 427,7 млн. сому «Кыргызтуракжайкомсоюз» мамлекеттик ишканасына, 93,3 млн. сому Ош шаарынын мэриясына (Ош ЖЖИ) бөлүнгөн.
Бюджеттик уюмдардын электр энергиясына кетчү чыгашалары 531,9 млн. сомду, жылуулук энергиясына – 229,9 млн. сомду, жаратылыш газына – 7,1 млн. сомду түздү. Ал эми көмүр камдоого жалпысынан 297,1 мл.н сом сарпталды.
Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы, жетүүгө кыйын райондордо жашаган тургундарга электр энергиясына компенсация төлөөгө бюджеттен 208 млн сом бөлүнгөн.
Булак : Баракелде


Leave a Reply