кулуев

Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесине арналган түрк дүйнөсүндөгү соңку иш-чара 9-декабрь күнү Азербайжан Республикасынын борбору Баку шаарында өттү.  М.Ф.Ахунзаде атындагы улуттук китепканада уюштурулган эл аралык илимий конференцияны китепкананын директору Керим Тахиров Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракеси тууралуу кенен маалымат берүү менен ачты.  Конференцияга катышкан Азербайжан Республикасынын маданият жана туризм министри Абулфаз Гараев өз сөзүндө кыргыздын улуу демократ акыны жана композитору Токтогул Сатылгановдун жаркын чыгармалары түбөлүктүү экендигин жана алар кыргыз элинин гана эмес, жалпы түрк дүйнөсүнүн көөнөрбөс кенчи болуп эсептелерин баса белгиледи.

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Баш катчысы  Дүйсен Касеинов кайсы негиздерден 2014-жыл – түрк дүйнөсүндө Токтогул Сатылганов жылы деп жарыяланганына жана ага байланыштуу Түркияда, Казакстанда, Орусияда, Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги бир катар иш-чаралар өткөндүгүнө токтолду. Токтогул боюнчаТҮРКСОЙдун соңку иш-чарасын өткөрүп жаткан Азербайжандын маданият жана туризм министрлигине чоң ыраазычылык билдирди.

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин Баш катчысынын орун басары Адахан Мадумаров рух дүйнөсү гана элдердин ынтымагын камсыз кыларын, Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгын биргелешип өткөргөндөй, түрк тилдүү мамлекеттер эми биргелешип көркөм фильмдерди жарата турган мезгил келгендигин эскертип өттү.

Конференцияга катышкан Түркиянын Эскишехир шаарынын валиси (губернатору) Гүнгор Азим Туна Токтогул боюнча эл аралык маданий иш-чараны биринчилерден болуп Эскишехирде өткөргөндүгү үчүн жана Анкара университетинин профессору Гүлзура Жумакунованын Токтогул жөнүндөгү кызыктуу китебин, анын азербайжан, казак, өзбек, түрк, түркмөн тилиндеги котормолорун чогуу жарыкка чыгарып, түрк дүйнөсүнө тараткандыгы үчүн сыймыктанарын жашырганы жок.

Конференцияда ошондой эле Түркиянын маданият жана туризм министринин орун басары Нихат Гүл, Азербайжан Жазуучулар союзунун төрагасы Анар Токтогул Сатылгановдун 150 жылдык мааракесин өткөрүү боюнча Кыргызстандын улуттук уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары О.Артыкбаев, “Токтогул: ырларга өрүлгөн, күүлөргө төгүлгөн өмүр” китебинин автору Гүлзура Жумакунова, китептин котормочулары Рамис Аскер (Азербайжан), Темирлан Төбегенов (Казакстан), Зухриддин Исомиддинов (Өзбекстан), Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Кулуев, азербайжандык түрколог Низами Жеферов жана башкалар улуу акын жана композитор жөнүндөгү пикирлерин ортого салышты. Конференцияны төкмө акын, Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Элмирбек Иманалиев бир топ шаңга бөлөдү.

Бакудагы бул эл аралык иш-чарада акындын китептеринин, мезгилдүү басма сөздөргө жарыяланган чыгармаларынын котормолорунун, ал жөнүндө жазылган эмгектердин көргөзмөсү да уюштурулуп, ушул жылы Кетмен-Төбөдө өткөн 150 жылдык мааракеден телебаян көрсөтүлдү.

Кожогелди КУЛУЕВ