0867095316

 Бишкекте 11-декабрда күйүүчү-майлоочу материалдардын 1 литринин баасы 0,4-2,2 сомго арзандагандыгы байкалууда. Жума ичинде Аи-80 – 0,4 сомго, Аи-92, Аи-98 жана дизелдик май – 1 сомго, Аи-95 — 2,2 сомго арзандады.

Мурдараак Кыргызстандын нефтетрейдерлер Ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов, декабрда күйүүчү-майлоочу майлардын баасы арзандай тургандыгы күтүлүп жаткандыгын айткан. Декабрда нефти иштетүүчү ишкананын оңдолуп-түздөлүп ишке берилишинен жана сунуштардын көбөйгөндүгүнөн улам россиялык базардагы дүңүнөн баалардын төмөндөшү болжолдонгон.

КРнын өкмөтү да жылдын аягына чейин нефтинин жана нефтепродукттардын баасы төмөндөй тургандыгын болжолдогон.

Россиянын президенти Владимир Путин 9-декабрда өкмөт мүчөлөрү менен болгон жолугушууда, нефти арзандап жаткан учурда, май куюучу жайлардагы күйүүчү-майлоочу майлардын баасы көтөрүлүп жаткандыгы нонсенс экендигин белгилеген. Путин көзөмөлдөөчү органдар менен Экономика министрлигине бааларды көзөмөлгө алууну тапшырган.

Бүгүнкү күнгө карата Бишкектеги күйүүчү-майлоочу майлардын баасы

КММ түрү

1 литрге баа (сом) 3.10.14

1 литрге баа (сом) 6.10.14

1 литрге баа (сом) 13.10.14

1 литрге баа (сом) 6.12.14

1 литрге баа (сом) 11.12.14

Аи-80

40,9

40,9

41,9

40,4

40

Аи-92

48,8

48,8

49,9

48,9

47,9

Аи-95

52,2

52,2

53,2

53,2

51

Аи-98

54,4

54,4

55,4

55,4

53,4

Диз.отун

43,5

43,5

43,5

42,5

41,5