Биометрикалык маалыматтарды топтоо иши аймактарда жакшы жүрүүдө
Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынын өкүлү Эльзат Кыдырмышева билдирди. Анын маалыматына караганда жарандардын бул процесске катышууларынын саны күндөн-күнгө өсүүдө.
Алсак, Бишкек шаарында 16дан жогорку жаштагы жарандардын жалпы саны 670335ди түзсө, алардын ичинен бүгүнкү күнгө чейин 113237 адам маалыматтарын тапшырган. Пайыздык көрсөткүч менен 17 пайызды түзөт. Ал эми, Ош шаарында болсо жалпы жарандардын саны 170224 болсо, алардын ичинен 73657 жаран биометрикалык маалыматтарын берүүгө жетишкен. Пайыздык көрсөткүч менен 43 пайызды түзөт.
“Аймактарда мобилдүү топтор иштегендиктен жарандар кыска мөөнөттүн ичинде, биометрикалык маалыматтарды берүүгө жетишүүлөрү зарыл”-дейт Э.Кыдырмышева.
Эскерте кетсек, КРнын Биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев МККдан жана бул тармакка тиешелүү адистерден, кыш мезгилинде биометрикалык маалыматтарды активдүү топтоого катуу талабын койгон. Жалпы жарандар үчүн 1000ге жакын оператор даярдалып, облустар боюнча калктын жыштыгына жараша атайын жабдыктар бөлүнүп берилген. Жабдыктардын тартыштыгына байланыштуу, айыл жергелеринде биометрикалык маалыматтарды топтоо пункттары белгилүү мөөнөттө гана иш алып барат. Ошондуктан мобилдик аймактарда мектеп окуучулары дагы айыл тургундарынан үйлөрүнө барып байма-бай түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
“Кабар-Пресс” мамлекеттик маалымат кызматы


Leave a Reply