33
 Бүгүн, 11-декабрда Бишкек шаарынын айрым аймактарына электр жарыгы берилбейт, деп маалымдайт «Түндүк электр» ААКтын басма сөз кызматы.

Саат 09:00дөн баштап 17:00гө чейин Кара-Жыгач конушундагы Ыссык-Көл, Соң-Көл, Исакеев, Кемин, Кожояр, Берекет көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт. Өчүрүүлөр көмөкчордондогу оңдоо иштери менен байланыштуу.