кар кочкусу

Бишкек-Ош унаа жолунун 121-137-жана 198-265-чакырымдарында жана Ош облусундагы Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 45-90-жана 145-150-чакырымдарында коопсуздукту  камсыздоо жана адамдардын өлүмүнө жол бербөө үчүн 2014-жылдын 9-декабрынан 12-декабрына чейин  артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүсүн атайылап атып түшүрүү зарылдыгы келип чыккан.

Ошого байланыштуу адамдардын өлүмүнө жол бербөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында КРнын Жарандык коргонуунун башчысы – Премьер-министрдин 2014-жылдын 8-декабрында №23-буйрук чыккан.

Балыкчы шаарынан чыккан артиллериялык эсеп жана КРнын ӨКМнин ыкчам тобу 2014-жылдын 9-декабрында Бишкек-Ош унаа жолунун 60-чакырымында Сосновка постунда түнөп калышты. Кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү иш-чара 10-декабрында башталат.

Ош шаарынан чыккан артиллериялык эсеп жана КРнын ӨКМнин ыкчам тобу 2014-жылдын 9-декабрында Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 75-чакырымында Тамчы участогундагы  айылда түнөп калышты.  Кар көчкүлөрүн атайылап түшүрүү иш-чара 10-декабрында башталат.

Кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүп жаткан сааттарда аталган унаа жолдору убактылуу жабылат. Ошого байданыштуу КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү эгерде зарыл жумуштары болбосо, аталган унаа жолдору аркылуу жүрбөй турууну эскертет.

Жалал-Абад облусунун Сузак  районундагы Кыз-Көл айыл аймагында  2014-жылдын7-8-декабрында жааган кардан жана катуу шамалдын кесепетинен Кашка-Терек–Кызыл-Кыя ички чарбалык жолу кар күрткүлөрүнө толуп, унаалардын өтүүсүнө жабылган. Ички чарбалык унаа жолду кар күрткүлөрүнөн тазалоо иштери уюштурулууда.

Кара-Алма айыл аймагында  2014-жылдын7-8-декабрында жааган кардан жана катуу шамалдын кесепетинен Жалал-Абад-Орток унаа жолунун 40-50–чакырымдары кар күрткүлөрүнө толуп, унаалар өтүүсүнө жабылган.

2014-жылдын 9-декабрында унаа жолду кар күрткүлөрүнөн тазалоо иштерине КР ӨКМ тарабынан 1 даана бульдозер тартылып, бүгүнкү күндө 2 чакырым аралык кар күрткүлөрүнөн тазаланды. Тазалоо иштери улантылууда.

Мындан сырткары Кара-Алма айыл аймагына караштуу Орток айылында жана Кыз-Көл айыл аймагына караштуу Кызыл-Кыя жана Алчалуу айылдарында 2014-жылдын 8-декабрында катуу жааган кардын кесепетинен трансформатор иштен чыгып жана электр чубалгылары үзүлгөндүгүнө байланыштуу жогорудагы айылдарда электр энергиясы өчкөн.

2014-жылдын 9-декабрында Сузак райондук электр тармактары  ишканасынан 24 адам оңдоо иштерин жүргүзүп, электр энергиясын берүүнү толук калыбына келтиришти.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Мады айыл аймагында  2014-жылдын 7-8-декабрь күндөрү көп жааган кардын кесепетинен шамал болуп,  Мады айыл аймагынын Лаглан, Тээке айылдарына баруучу ички чарбалык жолдорунун айрым участоктору  кар күрткүлөрүнө толуп, ички чарбалык жолдор унаалар өтүүсүнө жабылган.

Ички чарбалык жолдорду кар күрткүлөрүнөн тазалоого КРнын ӨКМ тарабынан 2014-жылдын 9-декабры күнү 1 даана бульдозер тартылып, 14 чакырым ички чарбалык жол тазаланды, тазалоо иштери 2014-жылдын 10-декабрында улантылат.

Кара-Кулжа районунда 2014-жылдын 7-декабрында жааган кардан жана катуу болгон бороондун кесепетинен Ылай-Талаа айыл аймагынын Шаркыратма айылына баруучу ички чарбалык жолдун болжол менен 5 чакырым аралыгы кар күрткүсүнө толуп, жол жабылып калган. Кошумча маалымат берилет.

2014-жылдын 26-ноябрында Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин-Жарандык коргонуунун башчысынын №53-буйругу менен 2014-жылдын 26-ноябрынан баштап саат 18:00дөн 08:00гө чейин Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу атайын буйрук чыкканга чейин чектөө киргизилди.