Түтүктөрдүн 70%ы жаңылоого муктаж
Шаардыктарга кам көргөн “Бишкек жылуулук тармагында” быйыл кыш мезгилинде жылуулук берүүдө үзгүлтүк болбойбу, жаңы тариф, тармактагы жабдуулардын абалы боюнча бир катар көйгөйлүү суроолорубузга “Бишкек жылуулук тармагы” ААКнын Башкы директору Эркин Абдыкалыков жооп узатты…
– Эркин Эсенбекович, борбордогу көп кабаттуу үйлөрдү борборлоштурулган жылуулуксуз жана ысык суусуз элестетүү мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө абал кандай?
– Биздин ишканага 50 жыл толгон, ушул жылдар ичинде жылуулук түтүктөрүбүздүн эскилиги жетип, алмаштыруу зарыл. Борборлоштурулган жылуулук менен камсыздоо системасы 2350 көп кабаттуу жана 1310 жеке менчик үйдү жылуулук менен камсыздайт, керектөөчүлөрдүн саны – 105 856 түзөт. 2014-жылдын 1-ноябрына карата «Бишкек жылуулук тармагы» ААК карамагында 430 км жакын жылуулук тармагы, 19 насостук станция бар. Бүгүнкү күндө жылуулук өткөргөн 300 км түтүктөр өзүнүн нормативдик- 25 жылдык мөөнөтүн өтөп койгон. Кыскасы, жылуулук өткөргөн түтүктөрдүн 70%ы оңдоп-түзөөгө муктаж. Тилекке каршы, бул маселени тезинен чечүүгө мүмкүн болбой жатат, бардыгы келип каражатка такалат. Ошентсе да, өз күчүбүз менен жылына 6-8 чакырым жылуулук түтүктөрүн жаңылап жатабыз, мисалы, Фучик көчөсүндөгү 980 м., 7-кичи районунда 545 м. жылуулук түтүктөрүн толугу менен алмаштырдык.
– Кеп учугун учурдагы өтө көйгөйлүү маселеге – жылуулукка, ысык сууга бурсак…
-Буга чейин элге берилген жылуулук баасы сатылган электр кубаттуулугунан, экспорттон жана ири өнөр жай компанияларынан түшкөн кирешелер менен жабылып келген. Эми мындай ыкма менен жашоо мүмкүн эместиги айкын. Ушул жылдын 20-ноябрында Кыргыз Өкмөтү өзүнүн №660 токтому менен жылуулукка болгон жаңы тарифти бекитти. Ага ылайык калкка жылуулук үчүн бирдиктүү тариф 917,78 сом болот. Ал эми калган өнөр-жай, бюджеттик жана башка керектөөчүлөргө 1557,25 сом бойдон калууда. Ысык суу боюнча айта кетсек, 1 адам үчүн норма боюнча 233,03 сом, эсеп приборлору болсо 48,55 сом/ м3 түзөт.
Азыраак төлөө үчүн көпчүлүк шаар тургундары каттоодон чыгып алышкан. Натыйжада каттоодо турган – 560 миң жашоочунун ордун 238 миң гана жашоочу ээлеп калган. Расмий маалыматтарга караганда, Бишкек шаарында 1 миллионго жакын адам жашайт. Учурда керектөөчүлөрдүн 47%ы ысык суу эсептегичтер менен камсыз болгон.
–Эгерде жылуулук кубаттуулугу үчүн төлөмдөр квартирада каттоодо тургандардын санына жараша төлөнсө, анда бир, эки же үч бөлмөлүү квартираларда жашаган пенсионерлердин абалы кандай болот?
– Жаңы кабыл алынган тариф боюнча квартиралардын аянтына жараша калк үчүн бирдиктүү баа 917, 78 сом менен эсептелинет. Жаңы тариф боюнча: бир бөлмөлүү квартира жылуулук энергиясы үчүн айына – 146 сом, эки бөлмөлүү – 200 сом, үч бөлмөлүү – 255 сом кошумча төлөп калышат.
Мэрияда турак жай боюнча субсидия борбору бар. Калктын аз камсыз болгон катмары ушул борборго кайрылса болот. Ал үчүн бир айлык кирешелери жөнүндөгү справкаларын берүүлөрү керек. Шаардыктардын каражаттары компенсацияланышы зарыл. Бул жагдайда шаардын бюджетинде калктын аз камсыз болгон бөлүгүн коргоо үчүн атайын каражат каралган. Жылуулукка болгон тариф 28%ы гана жогорулатылып, 1 Гкал баасы 917,78 сом болгон, ысык сууга баа 18% көтөрүлгөн.
Ойлонуп көрүңүзчү, эски тариф боюнча жылуулуктун өз наркынан төмөн сатылган. Мындан «Электр станциялар» ишканасы жыл сайын 1 миллиард 700 млн. сом чыгаша тарткан.
Быйылкы жылдын июль айынан тартып келээрки жылдын январь айына чейин тарифтердин көтөрүлүшү менен биз 200 млн. сом кошумча киреше алууну пландаштыруудабыз. Анын 170 млн. сому «Электр станциялар» ААКга болгон карызыбызды жабууга кетет. Калган каражат тармактарды ремонттоого жумшалат. Себеби, бүгүнкү күндө колдонулуп жаткан жылуулук жабдууларынын 70%ы эскирген, ал эми – 50%ы кризистик оор абалда. Жылдык план боюнча жылына 20 км жылуулук түтүктөрүн ремонттоо керек болсо, каражаттын тартыштыгынан биз болгону, 6 км гана ремонт иштерин жүргүзөбүз.
Бактыбек ИМАМАДИЕВ


Leave a Reply