glushy1

Бул тууралуу Кыргызстан мунай сатуучулар Ассоциациясынын президенти Медетбек Керимкулов 2-декабрда, маалымат жыйынында билдирди. Баалардын төмөндөшүнүн биринчи этабы өткөн дем алыш күндөрү болгон. 30-ноябрдан тартып, Аи-80 маркасындагы бензиндин баасы 50 тыйынга, ал эми жайкы дизелдик күйүүчү май 1 сомго, мунун кышкы түрү түндүктө 3,2 сомго, түштүктө болсо 4,3 сомго арзандаган.

Болжолдуу анализ

Сырткы маалыматтарга караганда, Россиянын отун рыногунун өндүрүүчү заводдорунда чыгарылган мунайга болгон баалардын төмөндөй баштаганы байкалууда. Бул арзандоонун себеби, бир топ заводдордо реконструкция-оңдоо иштеринин бүткөндүгү менен түшүндүрүлүүдө. Мындан сырткары, мунайпродуктуларынын баасына дүйнөлүк рыноктогу чийки мунайдын арзандоосу да таасирин тийгизүүдө. Бул көрүнүш жайдын аягында башталып, учурда аталган мөөнөт (3 ай) өткөндөн кийин мунайдын арзандоо фактору мунайпродуктунун наркына таасирин тийгизүүдө,- дейт М.Керимкулов. Андыктан, божомолдорго ылайык декабрь айында күйүүчү майлардын баалары отундун жаңы партияларына жараша жана өлкөдө болгон запастардын эсебинен акырындык менен төмөндөөсү күтүлөт.

Казакстанда кармалган вагондор

КР Президенти Алмазбек Атамбаев 7-ноябрда Казакстанга болгон  иш сапарынын алкагында кармалып турган вагондорду чыгаруу боюнча макулдашууга жетишкен. Ошонун негизинде, Кыргызстанга 12-ноябрда 41 вагон келип түшкөн. “НК Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынын берген маалыматына таянсак, Чымкентте кармалган вагондордун жалпы саны 393тү түзгөн. Мунай сатуучу компаниялар өз кезегинде калган вагондорду да алып келүү үчүн болгон аракеттерин көрүп жатышат.

Жыл жыйынтыгы

Мунай сатуучулар өлкөбүздү күйүүчү майлар менен тийиштүү көлөмдө камсыздап келишет. Маселен, 2014-жылдын 11 ай аралыгында 1 млн. 81 миң тонна мунайпродукт импорттолгон. Анын ичинен, 577 тоннасы бензин, 504 тоннасы дизелдик күйүүчү май. Жыл аягына чейин 1 млн. 150-200 миң тонна мунайзаты өлкөбүзгө импорттоолору күтүлүүдө. Медетбек Керимкулов мунайсатуучулар республиканын күйүүчү майларга болгон керектөөлөрүн толугу менен канааттандырат деп ишендирип кетти.

Азизбек ЧАМАШЕВ