Коркунучтуу чекке жакындап калдыкпы?
Кыргызстан эгемендүү мамлекетке айлангандан бери чет өлкөлөрдөн жана донордук эл аралык уюмдардан карыз алууга мажбур болду. Азыркы кездеги сырткы карызыбыздын тарыхы ошол 1990-91-жылдардан башталды.
Кимдерге карызбыз?
Кыргызстанга көп тараптуу насыяларды берүү боюнча биринчи орунда Дүйнөлүк банк (ДБ) турат. Бул банкка 700 млн. долларга жакын карызбыз. Ал эми 600 млн. доллардай карызды Азия өнүктүрүү банкынан (АөБ) алыппыз. Ошондой эле 200 млн. доллардын тегерегинде Эл аралык валюта фондунан (ЭБФ) карыз алып иштеткенбиз. Эң көп карыз Кытай Эл Республикасынан алынган, ушул күнгө чейинки алган карызыбыз 1 млрд. 42 млн. долларга жетип калды. Булардан алчу карыздын суммасы дагы өсүп жатат. Себеби, Кытайдан келчү насыялардын аягы толук бүтө элек. Ушул эле учурда Россияга 300, Японияга 253 жана Германия менен Түркияга 100 млн. доллардай карызбыз. Бүгүнкү күндө Кыргыз Өкмөтү дагы карыз алуунун үстүндө. Маселен, Россиядан 500 млн. доллар, Казакстандан 100 млн. доллар карыз суралган. Ошентип, карыздын суммасы мындан ары дагы өсө берет. Бирок, карыз алуунун да өз чеги бар. Аны коркунучтуу чек деп коюшат.
Кооптонткон коркунучтуу чек
Жакында эле КР финансы министри Ольга Лаврова Кыргызстандын тышкы карызы коркунучтуу чекке жакындап баратканын эскертти. Биздин өлкөдө коркунучтуу чек катары карыздын көлөмү ИДПнын 60 пайызына жетип калышы болот деп мыйзам менен аныкталган. Негизи, ар бир өлкөнүн кайсы бир убакта башына келчү “коркунучтуу чек” деген сөз эл аралык экономикалык термин болуп саналат. Ал өлкөдөгү экономикалык оор абалды түшүндүрөт. Азыр Кыргызстандын ИДПсынын 10 айлык көрсөткүчү 308 млрд. сомдон ашты. Жылдын аягына чейин бул сумма 376 млрд. сомго жетүүсү болжолдонууда. Ушул эле убакта өлкөбүздүн сырткы карызы 3 млрд. 400 млн. доллардан ашып баратат. Аны азыркы кездеги доллардын курсу менен эсептесек, анда 200 млрд. сомго жетет.
Ошол эле мезгилде Финансы министрлигинин маалымат катчысы Назарбек Малаевдин айтымында, жыл этегине чейин тышкы карызыбыз 3 млрд. 700 млн. сомго жетиши мүмкүн. Демек, бул эсептөөлөр боюнча аталган сумма Ички дүң продукциянын 54 пайыздан 58 пайызга чейинки өлчөмүн түзүшү мүмкүн. “Азаттык” радиосунун кабарчысы Айданбек Акматов бул маселеге байланыштуу мурунку каржы министри Акылбек Жапаровдун төмөнкүдөй пикирин алган: “Кыргызстан мындай нерсени башынан өткөргөн. 2003-2004-жылдары ИДП менен тышкы карыз тең болуп калып, өлкө банкрот болгон. Айла жоктон Париж-1, Париж-2 деген бейформал клубдарга кайрылып, карыздарды төлөөнү кийинки мөөнөттөргө жылдырып, төлөөгө мүмкүнчүлүк алганбыз. Ошондон кийин кайталанбасын деп, тышкы карыз ИДПнын 60 пайызынан ашпасын деген норманы парламент аркылуу бекитип бергенбиз”. Акылбек Жапаров мурунку карыздар эл аралык уюмдардан жеңилдетилген шартта алынганын, азыркы кезде Кытайдан алынган карыздардын жеңилдетилген мөөнөтү да, төлөө мөөнөтү дагы кыскалыгы менен опурталдуу экенин эске салган.
Коңшуларга кулак салсак…
Статистикалык комитеттин маалыматтарына таянсак, Кыргызстанда ИДПнын адам башына бөлө келген көлөмү 2004-жылы 435 долларды түзгөн. Бул көрсөткүч 2008-жылы 956 долларга көтөрүлгөн. Азыр 1345 доллардан ашты. Коңшулардан Тажикстан бизге жакын, ал эми Казакстанда ИДП жан башына 1800 доллардан туура келет. Анткен менен, казак туугандардын эл башчысы Нурсултан Назарбаев келе жаткан 2015-жылда экономикалык чоң кризис болоорун калкына ачык айтып жатканы бизге да коңгуроо кагат. Буюрса, 2015-жылдын 1-январынан тартып Бажы биримдигине киребиз. Кымбаттоолор да болушу мүмкүн. Ошондуктан, белди бекем бууп, түрдүү кризистердин алдын алып, керектүү чараларды кабыл алууга даяр болгонубуз оң.
Азизбек ЧАМАШЕВ


Leave a Reply