Мелис-Турганбаев

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Саруу айылында жыл башында орун алган мыйзамсыз аракеттер өлкөбүздүн экономикасына бир топ залакасын тийгизди.

“Мындан ары ар кандай ээн-баштык аракеттерге мыйзам чегинде бөгөт коюлат. Ырас, быйыл жаздан бери бул айылда митингдер болгон жок. Жай мезгили да тынч өтүп, туристтик сезондо көл кылаасына алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн келгендер, өзүбүздүкүлөр болуп, 1 миллиондон ашык адам эс алды. Натыйжада, өлкө бюджети кыйла киреше менен толукталды. Саруу айылынын жаштары айрым саясий күчтөрдүн жеңил акчаларына алданбоолору керек”, – деп айтты аталган айылдын калкы менен жолугушуу учурунда ички иштер министри Мелис Турганбаев.

Саруулуктар айылда орун алган окуялар уят иш болгондугун, учурда эл арасында түшүнүүчүлүк жана тынчтык өкүм сүрүп жаткандыгын билдиришти.

Атай АЛТЫМЫШЕВ