Эл маалымат тапшыруунун маанисин сезе баштады
26-ноябрга карата Кыргызстанда биометрикалык каттоодон 380 миң 154 адам өткөнү маалым болду.
Аба ырайынын соңку учурдагы жагымсыз жагдайына карабастан ар күнү жалпы Кыргызстан боюнча 45 миңден кем эмес жарандар биометрикалык маалымат тапшыруу пункттарына келишүүдө. Алсак, Нарында – 22825, Таласта – 13391, Ысык-Көлдө – 23199, Жалал-Абадда – 44413, Ошто – 100001, Чүйдө – 53671 жана Бишкекте – 61738 адам биометрикалык маалыматтарын тапшырышты.


Leave a Reply