пожар1 Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 16 өрт кырсыктары катталып, 16 өрт өчүрүү бөлүмдөрү жөнөтүлдү.

Маалыматка караганда Бишкек шаарындагы Мамбетов көчөсүнүн №6/2 дарегинде жайгашкан вагондон өрт чыгып, төшөнчүлөр жана документтер күйүп кетти. Өрттүн себеби мешти колдонуудагы өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу менен байланыштуу болгон.

Ошондой эле, электр шаймандарын колдонууда өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушунан улам Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Базар-Коргон айылынын Сулайманов көчөсүнүн №51 дарегиндеги турак үйдөн өрт чыгып, үй эмеректери, үй буюмдары жана эшик, терезелери күйүп кетти.