ат майданы1

Дээрлик 3 жылга «чубалган» соттук териштирүүлөрдөн кийин 2008-жылы экс-губернатор К.Исаев тарабынан мыйзамсыз сатылып кеткен Каракол шаарындагы ат майданы атканалары, 110 гектар айдоо жери менен өзүнүн чыныгы ээсине – КР Айыл чарба жана мелиорация министрлигине кайтарылды.

Аталган министрлик ээлик кылып, Каракол шаарынын муниципалдык менчиги болуп саналган атмайданы 9 500 000 сомго бааланса да, ошол кезде «ыргыткан ташы өйдө кулап» турган К.Исаев мамлекеттик мүлктү А.Оңгоев аттуу кан досуна жең ичинен соодалашуу аркылуу 1 млн. сомдун тегерегиндеги каражатка менчикке чыгарып берген. Мындай мыйзам бузууга ошол кездеги КР Айыл чарба жана мелиорация министрлиги да колдоо көрсөтүп, «табакташ» болгон.

– Биз эл байлыгынын мыйзамсыз менчиктештирилгенине нааразы болуп, укук коргоо органдарына, сотко кайрылып, Каракол шаардык жана Ысык-Көл облустук сотторунда акыйкат чечимдерге ээ болгонбуз,- дейт облустук «Камбар-Ата» ат сүйүүчүлөр коомунун төрагасы О.Турганбаев. – Бирок, «жыгылган – күрөшкө тойбойт» дегендей, А.Оңгоев КР Жогорку сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылып, маселе бир катар жылдардан бери кандайдыр бир «сырдуу» себептер менен создугуп келген. Акыйкаттык бар экен. Акыры кыйладан бери «аламанга» түшүп, ат сүйүүчүлөрдүн айласын кетирип келаткан ат майданы айланасындагы маселе мыйзам алкагында, калыс чечилди.

Эгемберди САДАБАЕВ, Ысык-Көл облусу