1067.60848a685420661fe10150e1d42ab3ab.500 606493.1.1416212569

14-ноябрда кечки саат 17.00дө шаардык милицияга маалымат түшүп, Бишкектеги Шорин көчөсүнүн № 3а үйүнүн короосунда куралданган белгисиз бирөө милиция кызматкерине каршылык көрсөтүп, акырында кылмышкерлерди издөө боюнча бөлүмдүн опер-кызматкери, милициянын капитаны Бакай Сыдыгалиев атып өлтүрүлгөнү кабарланган. Шашылыш барган милиционерлер үйдүн жанынан тапанчанын 5 гильзасын табышкан. Окуя төмөндөгүчө уланган.

18-октябрь күнү Россиянын жараны, мурда бир канча жолу соттолгон Александр Сояпин № 32 түзөтүү колониясынан качып чыккан. Аны издөө иш-чаралары тынбай жүргүзүлүп келаткан. Милициялар аны кармоо үчүн аялы жашаган үйгө келип сурашкан. Экөөнүн ортосунда үч баласы болгон. Акыркы жолкусунда аялы ушул айдын башында Сояпин келип кеткенин, бирок азыркы учурда анын кайда экенин билбээрин айткан. Милиция кызматкерлери ал издөөдө экенин, келсе телефон чалып коюусун айтып, байланыш телефондорун таштап кетишкен.

14-ноябрь күнү саат 16 чендерде Сояпиндин аялы телефон чалып, ал мас абалында терезени такылдатып жатканын, эшикти ичинен жаап алганын айткан. Милициянын майору Бакай Сыдыгалиев менен анын үйүнө барышкан. Барганда аял эшикти ачып милицияларды киргизип, Сояпин дубалдан секирип качып кеткенин айтып, бирок анын колунда куралы бар экенин айткан эмес. Милиционерлер коңшу үйдүн короосун текшерүүнү чечишкен. Бакай дубалдан секирип өткөндө, майор Сояпиндин аялы менен анын короосунда калган. Бир аз секунддан кийин “Токто, милиция!” деген үндү, тапанча атылганын угуп, майор дубалдан секиргенде Сояпиндин качып баратканын көргөн. Аздан соң Сояпиндин аялы чуркап келип, Сыдыгалиевдин кансырап жатканын айткан.

Бишкек шаардык ИИБдин милиция кызматкерлери катуу текшерүүдөн өткөрүп жатып, Долон кууш көчөсүнүн Наталья Мезина жашаган № 6 үйүнүн жертөлөсүндө жашынып жаткан Александр Сояпинди колго түшүрүшкөн. Ушул жерден кан болгон өтүк, Макаров тапанчасы октору менен табылган. Суракка алынган Н.Мезина саат 16ларда анын дубалы аркылуу колунда куралы бар Сояпин секирип түшүп, аялы менен уруша кеткенин, аны бутка атышканын, куугундан жашырып калуусун суранган. Ал Сояпинден тапанчаны алып, сүлгүгө ороп короого катып койгон. Сояпин болсо жертөлөгө жашынган. Бир аз убакыттан кийин ага милиция кызматкерлери келип, Сояпинди сурашкан. Аял милицияларды алдап, коңшунун короосун көрсөткөн. Аз убакыттан кийин милициялар кайра келишип, үйдү тинтүүдөн Сояпинди табышкан. Азыр ал катуу кайтарууда. Ал эми кылмышкерди жашырган Наталья Мезина өзгөчө оор кылмышкерди жашыргандыгы үчүн камакка алынды.

18-ноябрда жол-кайгуул кызматынын иш-чарасында сүйлөп жатып министр Мелис Турганбаев “мындан ары кылмышкердин колунда куралы бар болсо, милиционер аны атууга укугу бар экенин” расмий билдирди. “Буга чейин биз гумандуу болуп келгенбиз. Милиция кызматкери Бакай Сыдыгалиев да гумандуу болгон. Ал кылмышкерге эскертүү иретинде бутуна аткан, бирок анын өзүн атууга мүмкүнчүлүгү бар болчу. Жетишет, биз милиция кызматкерлерин жоготууну токтотушубуз керек. Мындан ары, кылмышкердин колунан курал көрсөңөр, анын өзүн аткыла деген команда берем. Менин билдирүүм кылмышкерлер үчүн эскертүү болсун”, – деди министр.

 Сымбат Максутова